Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды

18.03.2022 12:52
447
“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды

“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.



2022-жылдын 17-мартында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында Кытай эл Республикасынын жаранынан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, 100 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант К.К.К. кармалды.


Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн