Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 10:19
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

«Манас» аэропортунун тагдырын татарстандык компания чечеби?

20.04.2021 12:05
905
«Манас» аэропортунун тагдырын татарстандык компания чечеби?


"‎Акчабар" маалымат каражаты кызык маалыматтын башын кылтыйтты. Ал өздүк булактарына таянуу менен «Манас» аэропортун татарстандык «Ядран» компаниясына 100 миллион доллар инвестиция үчүн 25 жылга башкарууга берилгени жатат деп жазды.


Андагы айтылган маалыматка караганда, «Манас» аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев «Ядран» компаниясынын Татарстандан келген өкүлдөрү менен жолугушкан. Жолугушууда татарстандык компания өлкөбүздүн стратегиялык обьектисин 25 жылдык мөөнөткө башкарууну колго алуу үчүн, авиабазаны өнүктүрүүгө 100 миллион доллар инвестиция салууну убада кылган. Мындай сунушка Шаршеев макул болуп, азыркы тапта «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчилиги бардык документтерди даярдап жатканы айтылат.


Бүгүнкү күндө «Манас» аэропортунун башкы ээси мамлекет болуп саналат. Анын 79,05% акциясы Маммүлктү башкаруу фондуна таандык. Демек, аны кайсы бир компаниянын башкаруусуна берип салуу чечимин Шаршеев жалгыз өзү чечпеши керек.


Экинчиден, Кыргызстандын стратегиялык обьектилеринин катарына кирген аэропортту башкарууга алууну буга чейин да бир топ компаниялар көздөгөн. Алардын арасында авиация тармагында олуттуу ресурстарга ээ, тажрыйбасы мол компаниялар да болгон.


Ал эми татарстандык «Ядран» компаниясынын таржымалы бизди бир топ ойго сала тургандай экен. Ачык булактардан алынган маалыматка караганда бул компания «Ядран-групптун» курамына кирет. Дареги Татарстандын Казань шаарында жайгашкан. «Ядран-групп» дагы 13 юридикалык жак менен байланышы бар. Баарынан кызыгы, ал 2016-2018-жылдары таза кирешеге жетпей, жалаң чыгым менен иштеп келген экен. Уставдык капиталынын көлөмү болгону 10 миң рублди түзөөрү да кызык. Анан мамлекеттин үлүшү басымдуулук кылган кирешелүү компанияны чыгаша менен иштеп келген, уставдык капиталы да ыңгайсыз абалга кептеген татарстандык компанияга бергенибиз туура болобу?


«Манас» аэропортунун 2019-жылдагы таза кирешеси 2 108 254 000 сомду түзгөн. Мамлекет дивиденд түрүндө 1 миллиард сомдон ашык акча алган. Болгону өткөн жылдагы пандемия шартына байланыштуу аэропорттун кирешеси кыйла азайып кеткени чындык. Тактап айтсак, 2020-жылы таза кирешеси 107 миллион 503 миң сомду гана түзгөн. Бирок, мындай кирешенин төмөндөөсү бир гана «Манас» аэропортуна таандык эмес, пандемиянын кесепети бардык өлкөлөрдүн аэропортторунун ишмердүүлүгүнө терс тааисрин тийгизген. Андыктан өткөн жылдагы көрүнүштү шылтоо кылууга болбойт.


«МАМ» ААКсынын маалымат кызматы аэропортту башкаруу татарстандык компания өткөрүлүп берилиши тууралуу маалыматты төгүндөдү. Бирок, «Ядран» компаниясынын өкүлдөрү менен «Манас» аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеевдин жолугушуусу болгонун, анда компаниянын ишмердүүлүгүнүн багыттары, инвестиция салуу муктаждыгына зарыл болуп турган жагдайлары тууралуу сүйлөшүүлөр болгонун билдирди. Бирок, аэропортту тышкы башкарууга берүү маселеси каралган жок дейт.


Албетте, биз бул маалыматка ишенгибиз келет. Мамлекеттин үлүшү 80%га чукул стратегиялык обьектини тышкы башкарууга кармата салуу чекилик болуп калат. Андан көрө аны туура иштетүү менен мамлекетке түшүп жаткан кирешенин көлөмүн дагы да көбөйтүү чараларын көрүү маанилүү. Эми бул жагдайды коомчулук көз албай көзөмөлүнө алат деген ишеним бар.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн