Бугу 09, 2024
Убакыт: 13:21
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

«Манас» эл аралык аэропортунда кошумча өткөрмө жай ачылат

17.03.2020 16:27
712
«Манас» эл аралык аэропортунда кошумча өткөрмө жай ачылат


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортунда кошумча өткөрмө жай ачуу маселеси караштырылып жатканын билдирди. 


Анын айтымында, мындай аракет башка өлкөдөн учуп келген жүргүнчүлөрдү текшерүү шарттарын жакшыртуу жана жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында уюштурулат.


Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортунда тиешелүү кызматтардын ишин текшерүүдөн соң «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө жайына барып, жөө жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу унааларды өткөрүү учурундагы текшерүүнүн жүрүшү менен таанышты. 


Андан соң биринчи вице-премьер-министр убактылуу обсервация жайлары менен таанышты. Учурда мында 88 адам 14 күндүк карантинге алынган. Алар бардык тийиштүү анализдерди тапшырышууда. 


«Учурда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө-көзөмөл жайларында кооптуу инфекциясынын өлкөгө кирүүсүнө жол бербөө боюнча медицина, чек ара жана ветеринария кызматтары белгиленген тартипте иштеп жатышат. Бекет аркылуу өткөн ар бир унаа жана бардык жүктөр дезинфекцияланууда», - деп баса белгиледи Кубатбек Боронов.


«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө жайында жөө жүргүнчүлөрдү медициналык текшерүү шарттары талаптагыдай жүрүүдө, зарыл болгон шартка тез жардам кызматы уюштурулган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн