Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:22
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

«Манас» эпопеясындагы күчтүү кыргыз мамлекеттүүлүгү, философиясы жана бүгүнкү күнүбүз

23.08.2023 22:14
2434
«Манас» эпопеясындагы күчтүү кыргыз мамлекеттүүлүгү, философиясы жана бүгүнкү күнүбүз


Эгемендүүүлүктүн 32 жылдыгына карата.


1. Шер Манастын боштондук миссиясы

Манас Ала-Тоону, кыргыз элин гана эркиндикке чыгарбастан, бүтүндөй Орто Азияны, Чыгыш Түркстанды, боордош түрк элдерин кытай-калмак империясынын кандуу чеңгелинен куткарып, боштондукка чыгарган. Эпосто боштондукка чыккандан кийин Кум-Арык деген жерде Орто Азия жана Чыгыш Түркстан элдеринин хандыктарынын башчылары чогулуп, Манасты алтын жиптүү килемге салып, бүткүл Түркстандын жогорку ханы, башкы аскердик башкаруучусу, ажосу кылып такка отургузушат (Саякбай Каралаевдин варианты). «Жалпы хандар чогулуп, арстан Манас баатырга эки тизгин, бир чылбыр, берип салды деп уктум» делип, бул окуянын кабары «төгөрөктүн төрт бурчуна» чейин тарайт. Илгерки кылымдардын биринде кыргыздар Азияда өздөрүнүн улуу державасын түзгөн деген тарыхый маалыматтын бекер жерден чыкпагандыгына «Манастагы» ушул факт да күбө өтүп тургандай.


Чыңгызхан, Александр Македонский басып алуучулар, кулдандыруучулар болсо, Манас ажо эзилген, кор болгон калайык-калктардын коргоочусу, куткаруучусу, эркиндик алып берүүчүсү болгон. Манастын миссиясы – азаттыктын миссиясы! Ошон үчүн ал “айың менен күнүңдүн бир өзүнөн бүткөндөй” деген элдик баага жана түбөлүктүү атак-даңкка арзыган. Эркиндик – Манастын ыйык дини. Ал – улуу гуманист. 


2. Айкөл Манас курган кубаттуу кыргыз мамлекети

Он эки хандыктын, бүткүл Түркстан журттарынын эң жогорку бийлиги катары Таластагы Манастын ордосу да өз статусуна ылайык абдан сөөлөттүү жана сүрдүү. Буга ынаныш үчүн С.Орозбаковдун вариантынан төмөнкү үзүндү менен таанышып көрөлү:


Капкасы алтын коргондо,

Каныкейдин ордодо

Оң жагында баатырдын

Отуз эки каны бар,

Сол жагында олтурган

Кырк баатырдын саны бар,

Астында алтын тагы бар,

Башында дөөлөт багы бар,

Түгөнгүрдүн бу күндө

Түтөп турган чагы бар,

Айланасын камаган,

Албарс кылыч колго алып,

Акырая караган

Алты миң аскер дагы бар.

Коргону коло тоо болгон,

Арыгы темир ноо болгон

Падышалык чоң коргон,

Каалгасы сом калай,

Салтанаты бир далай.

Капка кармап турчусу –

Он эки күзөт бар малай.

Бекзаададан бешөө бар,

Желдеттерден жетөө бар.


Бул үзүндүнү андан ары улантып окусак, падыша Манаска түз эле басып барып кирип кетүүгө болбостугун, ажонун капкасында кабыл алуунун атайын иштелип чыккан эрежелери бар экендигин байкайбыз. Кыскасы, эпостон Манастын жалпы Түркстан мейкининде эки тизгин бир чылбырды колго алган кубаттуу кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзгөндүгүн жана Таласта күчтүү мамлекеттик бийликтин туткасы болгон капкалуу Манас ордосу бар экендигин баамдай алабыз. Дал ушул зор мамлекеттик бийлик ордосунда ички жана тышкы саясатты тейлеп, жөнгө салып турган бир даанышман бар. Ал – Бакай.


Бир сөз менен айтканда, Манас атанын ак калпак журтка сиңирген теңдешсиз эмгеги, кызмат-мээнети мына мында: бири Алтайга, бири Кангайга кетип, ар жакка чачылып тентиген элди кайрадан Ала-Тоого чогултуп, “Кулаалы жыйып куш кылып, курама жыйып журт кылып”, азаттыкка чыгарып, бир боор калкын жок болуудан сактап калгандыгында жана “алышса адамдын алы жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн” кубаттуу кыргыз мамлекетин түзгөндүгүндө, орошон ордону кургандыгында. 


3. Каныкей менен “Абыке, Көбөш алты арамдын” ортосундагы кандуу кагылыш

Бирок тилекке каршы, ажонун көзү өткөндөн кийин Манас ордонун, Манас мамлекетинин үстүнөн кара булут айлана баштады. Каныкей Абыке, Көбөштү акыл-эстерине келип, намыстанышып, Манастан калган тууну колго алып, кызылдай кыйынчылык менен курулган Манастын мамлекетин сактоо, чыңдоо, журт көз карандысыздыгын тыш жактагы «тырмактуулардан» коргоо жөнүндө ойлонот го деп үмүттөнгөн. Көрсө, булардын ойлогону, болгон максаты мансап, байлык, анан Каныкейди катын кылып алуу экен. 


Манастын арбагын жана өзүнүн аялдык ар-намысын бийик койгон Каныкей Абыке, Көбөштүн мындай ниет-мүдөөлөрүн чечкиндүү түрдө четке кагып, жуучуларды канжар менен кууп чыгат. Өзүм билемдик менен Манастын тагына олтурган Көбөш менен Каныкейдин ортосунда кандуу кагылыш болуп өтөт.


  1. “Өзөктөн чыккан өрттөн, өздөн чыккан жаттан” бүлүнгөн Манас ордосу

«Алты арамдын» чабуулунан кийин мамлекеттин ордосунун кандай кейипте калгандыгы «Манаста» мындайча сүрөттөлөт:


Талынын баарын сулатып,

Тамынын баарын уратып.

Таш калааны талкалап,

Такыр чаап алыптыр.

Ар кайсы жерде оркоюп,

Ордонун орду калыптар,

Каныкейдин ак сарай,

Каалгасы темир, сом калай,

Төрт күл дөбө соолуптур.

Буланы булап алыптыр,

Бузуку минтип салыптыр,

Как эткенден карга жок

Курулай талаа калыптыр.


Мынакей, тумшугунун алдынан башканы көрбөгөн «өздөн чыккан жаттын, өзөктөн чыккан өрттүн» сокур амбициясынын трагедиялуу натыйжасы. Ак мөңгүлүү Ала-Тоого, ак калпак кыргызга көз артып турган алыскы-жакынкы жоолордун көзүнчө өз мамлекетин, эгемендүүлүгүн өз колу менен куруткан «Манастагы» «кыргыз» деген аты бар кош аяктуулардын жоругуна не дейсиң?! Абыке, Көбөш алты арам атуулдук жетилбегендиктин символу, өз улутунун келечеги, түпкү стратегиялык кызыкчылыктары, башка элдердин катарындагы аброю, ар-намысы, коопсуздугу жөнүндө иши жоктуктун символу, күнүмдүктүн, кара жемсөө өзүмчүлдүктүн, акылсыз авантюранын, «өздөн чыккан жаттын, өзөктөн чыккан өрттүн» символу. Эгер улут ичинде Абыке, Көбөш алты арамдын күчү үстөм абалга ээ болуп кетсе, журттун калаасы бузулар, ордосу ойрондолор, ата конуштан бакыт, ырыс качар. Ушуну айтып турат бизге «Манас». Бизге калтырган Манастын эскертүүсү ушул. Улуттун эки душманы болот: ички жана тышкы. Тышкы душмандан да ички душман коркунучтуу. «Манас» эпосунда кыргыз мамлекети тышкы жоодон бир жолу (Алоокенин чапкыны), ички жоодон эки жолу (1. Абыке-Көбөш. 2. Канчоро-Кыяз) кыйрагандыгын көрөбүз.


  1. Каныкейдин Манас ордону, Манас мамлекетин сактоо жана чыңдоо үчүн күрөшү

Букарга качып бараткан Каныкей үчүн боорунда көтөргөн баласы – өзүнүн гана үмүтү эмес, «алты арамдын» үстөмдүгүнүн алдында калган бүт кыргыз элинин үмүтү, кыйраган Манас ордосунун үлпүлдөп жанган чырагы эле.


Манас о дүйнөгө кетерде өзү түзгөн, курган мамлекетти сактайт, коргойт, өстүрөт деп туягы Семетейге бекем ишенген. Ошон үчүн Манас өлөрүндө жары Каныкейге: «Атаң Темирканга барганда, мойнуна тумар тага көр, чунагың Семетейди бага көр, жашы он экиге келгенде, ичинен ок өтпөс тонду кийгизгин, ошондо эне-ата жайын билгизгин, колуна мылтык бергизгин, кайра Таласты көргөзгүн» деп керээз кылган. Өмүрлүк жары айкөл Манастын керээзин аткаруу үчүн Каныкей тикесинен тик турду. Бир сөз менен айтканда, Букардан Семетейди аман-эсен чоңойтуп келип, уулунун күчү жана Бакайдын көмөгү менен кыйраган Манас ордосунун, Манас устунун кайра тургузган, Манас мамлекетинин желегин кайрадан желбиреткен Каныкейдин улуу патриоттук эрдиги ар качан даңаза кылууга татыктуу. 


Атасы айкөл Манасча, энеси Каныкейче улуттун стратегиясын ойлонгон Семетей «кыргыз минтип чырдашса, араң турган Коңурбай олжо кылып кетпейби, бириндебей бек болуп, беттешкен жоону кектейли» деп, тышкы жоонун алдында бир муштумдай болуп биригүүгө эл-журтун чакырып, акыл бийиктигинен бүркүтчө шаңшып турса, Бакай карыя Семетейди колдоп, «Серпишкенге бой бербес, сепил болуп калгыла» деп, калкты бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга, мамлекетти чыңдоого үндөп, көсөм акылы менен көңкү журтка жол көрсөтөт. Айкөлдүн туягы – эр Семетейди арка-бел тутуп, санаасы тынган ак калпак журт Манастын кайрадан көкөлөп көтөрүлгөн туусу астында, өзүнүн жаңыча тирлигин баштайт.


Дегеле, Манас мамлекетин сактоо, коргоо, чыңдоо жагына келгенде аялзаттын тунугу, ак жоолуктун улугу Каныкейди айланып өтүүгө болбойт. Каныкей Букарга качканга чейин эле мамлекетти чыңдоого бүт күчүн жумшап келген. Уруш-согушу, талаш-тартышы бүтпөгөн, жоосу күтпөгөн жерден кайдан, качан келери билинбей кооптондурган коогалуу заманда кыргыз элинин башынан карлуу бороон, катуу күн өтпөй койбосун болжоп, Каныкей калайык-журттун күч-кубатын көтөрүү, Манастын бири миңге татыган кырк чоросунун аскердик кудурет-күчүн, камылга-даярдыгын чыңдоо жөнүндө тымызын ойлонот. Ушул багытта ичинен бир чечимге бекип, өз алдынча астыртан чечкиндүү кадамдарды жасай баштайт. Ал журттун ичиндеги колунан көөр төгүлгөн устарларды, жез оймок уздарды, көзгө атар мергендерди, балбандарды жана башка түркүн өнөрлүүлөрдү чогултуп, алардын күчүн уюштуруп, эл үчүн маңдайдан тер агызган мээнетке чегет. Өзү да белин оорутуп, колун жоорутуп, көз майын коротуп, күн-түн түйшүккө белчесинен батып, узак эмгектенип, акырында «кара калмак, манжууну, каршы-терши турушуп, карсылдашып урушуп» калса деп, кырк чоро үчүн жоо кийимдерин, аспап-шаймандарын, гүлазыгын, дары-дармегин, мине турган күлүктөрүн, атүгүл урушта жарадар болуп калса, колдонула турган тинтүүрдөн өйдө шайма-шай камдап таштайт. Мына ушинтип, Манастын кошуунунун   аскердик күчүн арттыруу үчүн көргөн Каныкейдин сарамжалы Чоң Казатта чоң роль ойнойт. 


Эгерде бүгүнкү эгемендүү Кыргызстандын ар-бир жараны өз мамлекетин чыңдоого Каныкей сыяктуу мээнеттенип салым кошсо, анда өлкөбүз өргө карай тездик менен өркүндөп өсөр эле.


  1. Алп Кошой: “Ок өтпөгөн тон камда, ок жетпеген ат камда”

Каныкейдин каармандыгына удаа Манас эпосубуздагы Кошой атабыз эсибизге түшөт. Манас эл журту менен Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенде, Сары Өзөн Чүйдүн түзүндө туруп, Кошой Манаска төмөндөгүдөй эң орчундуу, стратегиялык маанидеги насыят кеңешин берет:


“Кенен ойло башынан,

Кебелбес болсун казынаң,

Калың бороон, катуу күн,

Кулунум, канчалык өтөөр башыңан,

Кыр-кырда кыргыз элиңе,

Кызыккан жандар дагы бар,

Кылчайбай канды агызар,

Кысталактын баары бар.

Элиңди түгөл башкарып,

Өз алдыңча болгондо,

Сени таштап койбос жеп-жеке.

Суроодон угар дайныңды,

Күтүнбөстөн сен жатсан

Бир күнү чабар айлыңды.

Ошого моюн бербеске,

Ок өтпөгөн тон камда,

Ок жетпеген ат камда”.


Мынакей, ак калпак кыргыздын улуу жаранынын сөзү. Бир боор журтунун стратегиялык кызыкчылыктарын сак-сактап кайтарып, мекенинин, мамлекетинин, жамаатынын тагдырын, коопсуздугун, келечегин ойлоп, ар дайым санааркап, ой толгоп турчу демейки Кошойду бул насыят сөздөрдөн дагы бир жолу көрүп отурабыз. Бул осуят кыргыз үчүн эскирбес, түбөлүктүү дөөлөт дегибиз бар. Бул насаат кудум бүгүнкү бизге айтылып жаткандай. Ойлойлучу, Кошой олуя ушул сөзүндө айткандай, бүгүнкү эгемендүү мамлекетебиз “калың бороон, катуу күнгө кабылып отурган жокпу? “Эгемендүүлүгүң менен жыргап жата бер” деп дүйнөлүк империялар бизди жайыбызга коюп койдубу? Жок. Тескерисинче, кыр-кырда кыргыз элине кысталактардын баары кызыгып, жутунуп турбайбы. Бир эле Алайдын ары жагындагы талибандарды эстейличи. Күтүнбөстөн жатсак, айлыбызды бир күнү чабар күчтөр толтура экендиги кимге маалым эмес? Баткен согушун кантип эстен чыгарабыз? Ошол Катагандын кан Кошоюнун убагында Таласта хандыкка жаңыдан отурган Манасты кайра Алтайга кубалоого Алооке далбастабады беле? Кыргыздарга капыстан кол салган Шоорук ханды, “Көкөтөйдүн ашынын” аягында кыргыздардын жылкысын тийип, Каңгайга айдап кеткен калмак-кытайларды, ич жактан козголоң чыгарган алты ханды эске түшүрөлүчү. Манастын мамлекетин Кошой айткандай, “кысталактар жепжеке таштап” койгон эмес. Тарых азыр кайра кайталанып жатат.


Баамдасак, Кошойдун жогорудагы кыргыз мамлекетин ар кандай ниети кара күчтөрдөн сак-сактап кайтаруу, “ошого моюн бербеске”, казынаны калыңдоо, “ок өтпөгөн тон камдоо, ок жетпеген ат кымдоо” жөнүндөгү осуяты биз үчүн бүгүн актуалдашып, алдыбызга “айкүрүнөн” туруп жатат. Демек, азыркы кыргыз коомуна биринчи иретте Кошой сыяктуу элинин, өз улутунун, өз мамлекетинин эркиндигин сактоо жана коргоо үчүн жанын курман чала турган, атуулдук ар-намыстын туусун бийик кармаган мекенчил патриоттор керек.


  1. Алп Кошойдун айбаттуу мамлекет идеясын Манас кандайча ишке ашырган?

Айтмакчы, Кошойдун ушул эле “кенен ойло башынан, кебелбес болсун казынаң, ок өтпөгөн тон камда, ок жетпеген ат камда” деген осуятынан байкасак, Ала-Тоодо күчтүү кыргыз мамлекетин түзүү идеясы башбагып турат. Ырасында эле өзүбүздүн улуу мурасыбызда, улуттук көрөңгөбүздө чөгүп жаткан ушул күчтүү кыргыз мамлекетин түзүү философиясын Манастын жана Кошойдун бүгүнкү урпактары – биз жетекчиликке алышыбыз керек. Билек түрүнүп, өлкөбүздү кризистен алып чыгып, кедейчиликтен куткарып, анан күнү-түнү чеке тердетип, күчтүү кыргыз мамлекетин түзүү биздин улуттук идеябыз болуп калса. Убагында шер Манас Кошойдун бул осуятын жерге таштаган эмес. Манас атабыз ажонун тагында отурганда өз айланасына Бакай акылман, ошол эле Кошой даанышман, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Ажыбай сыяктуу кашкөй баатырларды топтоп, кырк чоро сыяктуу өңчөй көкжалдардан турган топту курап, мамлекетти локомотив өңдүү сүйрөй турган күчтүү команданы түзүптүр. “Калк энеси” деген атка конгон Каныкей “сайса найза тешпеген, атса ок өтпөгөн” аскердик керемет кийимдер менен кырк чорону жабдыган, Манастын кошуунуна гүлазыкты, дары-дармекти мол камдап, анын күч кубатын арттырган. Бөлөкбай уста Манаска “шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен” ач албарс кылычты, “шамалга тийсе ырдаган, тийген жери ырбаган” сыр найзаны жасаган. Манас кырк уруу кыргыздын биримдигин чыңдаган, түрк элдерин кыргыз мамлекетинин айланасына бириктирген. Демек, Манас, Кошой атанын осуятын орундап, “ок өтпөгөн тону бар, ок жетпеген аты бар” күчтүү кыргыз мамлекетин түзүүгө үлгүрүп, кылымдарга аңыз болуп калган эрдикти жасаган.


Айкөл Манастын бул тажрыйба-сабагы кимге таалим эмес да, кимди гана ойлонтпойт? Кошойдун кеп болуп жаткан осуятынан чыккан улуу идеяны биз дагы Манас ата сыяктуу кастарлап тутунушубуз шарт. Глобалдашуунун аз сандагы улуттарды оп тартып жутуп коюу опурталдуулугунун шартында кебелбес казынасы, ок өтпөгөн тону, ок жетпеген аты бар, ар-намыстуу заты бар мамлекет биздин таянар тообуз. 

Ушул жагынан алганда бүгүнкү өлкө жетекчилеринин мекенибиздин аскердик күч-кубатын чыӊдап жатышы журтубузду кубанта турган иш. 


  1. “Кошой коргон” же “Кемпирдин жети баласы” – кубаттуу кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тиреги


Кыскасы, образдуу айтканда, Кыргыз мамлекетинин өзүнүн “Кошой коргону” болсун. “Манастагы” “Кошой коргонду” символдук мааниде түшүнсөк болот. Дагы айталы, улутубузду бекем, түбөлүктүү салынган “Кошой коргон” калкаламак. Бирок “Кошой коргон” десе, Ала-Тоонун айланасын курчай “кытай дубалын” куруу керек экен деп түшүнбөө керек. Ушул жерден бир аз артка чегинүү жасап, улуттук коломтобузда уюп жаткан бир омоктуу даанышмандыкка көңүл буруп, андан кийин “Кошой коргон” боюнча тыянагыбызды чыгарсак.

Мисалы, кыргыздын «Кемпирдин жети баласы» аттуу жомогунан үзүндү окуп көрөлү: “Өткөн замандын биринде бечара кемпирдин жети баласы бар экен, алар жети түрдүү өнөр билиптир. Энеси эң мыкты жаа жасатып, аны кимисине берерин билбей, “балдарым, баарың өнөрүңөрдү айткыла, кимиңердин өнөрүң артык болсо, ошонуңа берейин!” дейт. Балдары өз билген өнөрлөрүн айта баштады. 


“Энеке, - дейт улуу баласы. -- Алп кара куш асманда торгойдой болуп көрүнгөн кезде да ыргыта атам” деди. “Энеке, мен жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин билем” дейт экинчи баласы. “Мен эки дүйнөнү алаканга салып койгондой көрүп турам, ар жерде эмне болуп жатканын жаңылбай айтам” деди үчүнчү баласы. “Мен ачка болгон жерде бардан жок кылып, жоктон бар кылып, канча адам болсо да тойгузууга жарайм” деп калды төртүнчү уулу. “Мен кандай чоң дарыя болобу, деңиз болобу, ташкын суубу, көз ачып-жумганча кеме жасап өтөм” деди бешинчи баласы. “Мен жеке эле кара жер менен эмес, дарыя-деңиздердин үстүнөн чуркасам да, таманымдан чаң чыгат” дейт алтынчы уулу. “Жоо жакындап кирип келгенде, “кара жер жарыл!” десем жарылып, түбүнө түшүп, өзүм каалаган жерден кайра чыгып, душманымдан кутулуп кетем” дейт жетинчи кенже баласы”. (Кыргыз эл жомогунан). 


Кемпирдин жети баласы өздөрүнүн ушул өнөрлөрүн энесине жана элге иш жүзүндө далилдеп көрсөтүшөт. Жети уулдун өнөрлөрүн жогору баалаган Болбос аттуу хан өзүнүн хандык тактысын балдарга өткөрүп берген экен. 

Бул жерде айрыкча ээлеп турган тагынан өз ыктыяры менен түшүп, хандык бийликти өнөрлүү уулдарга өткөрүп берген Болбос хандын акылмандыгы, айкөлдүгү таңгалдырат. Болбос хандын жасаган бул кадамында хандыктын, мамлекеттин түп-тиреги, уча турган канаты – бул ар тараптуу, керемети күчтүү түркүн өнөр-билим деген философия жатат. Бул элдик философия жомоктук фантастикалык форма аркылуу туюндурулган. Демек, бүгүнкү күндүн контекстине салып айтканда, жогорудагы “Кошой коргон” идеясы күчтүү өнөрдөн, илим-билимден жана Кошой менен Манастыкындай күчтүү патриоттук рухтан курулган мамлекеттин эч ким бузуп өтө алгыс рух чеби дегенди түшүндүрөт. “Кемпирдин жети баласы” – күчтүү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тиреги.


Мамлекетибиз, мекенибиз, улутубуз ич жактан бекем, келечеги кең болсун десек, бүгүн өсүп жаткан муундарыбызды акчага, алтын-күмүшкө, мансапка, байлык-бийликке, күнүмдүккө болгон “махабатка” эмес, чет өлкөлүк идолдорго сыйынууга эмес, индивидуалисттик өзүмчүл прагматикага эмес, Ата журтка агынан жарылган ак жаркын патриоттук сүйүүгө жана эл-жерине кан-жанын берген жарандык улуулукка, күчтүү кыргыз мамлекетин түзүү мүдөөсүнө тарбиялашыбыз керек.


Акылман Бакай бабабыз о дүйнөгө кетер алдында Манастын небереси Сейтек баатырга жана эл-журтуна акыркы жолу кайрылып, “Алтын болсун көмүрүң, алыс болсун өмүрүң, мингениң алтын так болсун, аттарың чыгып ааламга, балдарым арстандыгың билинсин!” деп тилек кылган. Бабабыздын үмүтүн актасак экен. 


Советбек Байгазиев 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн