Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 16:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

«Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАК продукциялардын жана кызмат көрсөтүүнүн сапаты жаатында КМШнын сыйлыгына ээ болду

24.12.2020 15:00
557
«Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАК продукциялардын жана кызмат көрсөтүүнүн сапаты жаатында КМШнын сыйлыгына ээ болду


«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын туунду компаниясы« Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАК Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин продукция жана тейлөө сапаты жаатында абройлуу сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу аталган мекемеден  билдиришти.


2020-жылдын 22-декабрында видеоконференциялар аркылуу продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШ байгесине 7-сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.


«ММК» ЖАКы өз иш-аракеттерине тармактык эксперттердин жогорку баасын алды. Бул өнүгүүнүн жалпы темпин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жана көрсөтүлгөн кызматтардын жогорку деңгээлин тастыктайт.


Белгилей кетсек, сынактын жеңүүчүлөрүн тандоо 2 этапта жүргүзүлөт:

- стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча улуттук органдар тарабынан (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору) конкурстун катышуучуларын баалоонун натыйжалары боюнча


- берилген материалдарга экспертиза жүргүзүү жолу менен жана балл менен баалоону колдонуу менен жер-жерлерде. Экинчи этаптагы иштерди жүргүзүү үчүн, Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо  боюнча мамлекеттер аралык кеңеш башка мамлекеттен келген 2 эксперттен турган эксперттик комиссиялардын курамын (кайчылаш) алардын географиялык жайгашуусун эске алуу менен бекитет.


КМШ байгесине катышуу уюмдарга өзүн-өзү баалоо жолу менен өнүгүү багыттарын аныктоого жана натыйжалуулугун, сапат маданиятын жогорулатууга, продукциянын сапатын, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана уюмдардын экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет.


Продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШнын сыйлыгына конкурс КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы чечимине ылайык түзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн