Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 07:53
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Манас районунда УКМКнын жаңы имараты курулду. Талас шаарындагы бөлүмүнө капсула салынды

07.06.2022 15:32
389
Манас районунда УКМКнын жаңы имараты курулду. Талас шаарындагы бөлүмүнө капсула салынды


Бүгүн, 7-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Мамлекеттик комитеттин Аппаратынын Манас райондук бөлүмүнүн жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземге облустук администрациянын жеке курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Атайын кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында УКМКнын Талас облусу боюнча Манас райондук башкармалыгынын имараты курулуп, пайдаланууга берилди. Манас райондук башкармалыгынын жаңы курулган имараты кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган. Эмгек шарттары талапка жооп берет, деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле Талас шаарындагы УКМКнын жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн