Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:40
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Манас районунда автобекетке караштуу жер мамлекетке кайтарылды

21.10.2024 13:28
148
Манас районунда автобекетке караштуу жер мамлекетке кайтарылды


Манас районунда автобекетке караштуу 0,28 га жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анда Манас районунун Покровка (Семетей) айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы токтомунун негизинде “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын Талас филиалына тиешелүү 0,28 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган мыйзам бузууларды четтетүү максатында облустук прокуратура тарабынан прокурордук акт келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен жер тилке толугу менен Талас облустук автовокзалдар, автостанциялар жана автокассалар мамлекеттик ишканасынын балансына кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн