Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 09:28
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Манас шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды көп кабаттуу үйдүн алдына таштап кетишкен

Манас шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды көп кабаттуу үйдүн алдына таштап кетишкен


Кечээ, 8-октябрда болжол менен саат 14:40 чамасында Манас шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды подъездге таштап кетишкен.


Жалал-Абад облустук милициядан билдиришкендей, Манас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө милиция кызматкеринен чалуу келип түшкөн. Анда Манас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришинде жаңы төрөлгөн ымыркай ташталганы калгандыгы тууралуу кабар берилген.


Окуя каттоого алынып, Тергөө тобу окуя болгон жерге барып, наристени Жалал-Абад облустук төрөт үйүнө өткөрүп беришкен.


Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде, Манас ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери ошол эле күнү саат 17:00 чамасында шектүү жаранды аныктап, кармашкан.


Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн