Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

«Манас таануу» телетаймашынын жеңүүчүлөрү сыйланды

14.06.2023 10:23
1568
«Манас таануу» телетаймашынын жеңүүчүлөрү сыйланды


Кечээ, 13-июнда “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын 12-айлампасынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу жана манасчылар, мектеп окуучулары, мугалимдер ата-энелер катышты.

“Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашы мектеп окуучулары арасында жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучулары арасында уюштурулуп келет. Анын ичинде окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер бар.

Республикалык деңгээлде өткөн телетаймашка быйыл 34 миң окуучу, МЧББУнун тарбиялануучулары арасында таймашка 7 миң 500 жаш өспүрүм катышкан.

Кыргыз тилдүү топтор арасында баш байгени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы О.Элебесов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин “Туйгун” тобу алды.

1-орун – Кара-Суу районундагы №9 М.Тешебаев атындагы орто мектеби “Мааникер” тобу;
2-орун – Базар-Коргон районунун Б.Осмонов атындагы № 6 гимназия-мектеби “Күлазык” тобу;
3-орун – Өзгөн районунун Т.Асранов атындагы орто мектебинин “Сыр жебе” тобу, Түп районунун А.Кайдуев атындагы №11 Көөчү орто мектеби "Асман" тобу;

Окутуу орус, өзбек, тажик тилдүү топтор арасында баш байгени Бишкек шаарындагы №1 орто мектебинин “Паана” тобу ээледи.

1-орун – Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын “Каныкей” тобу;
2-орун – Кадамжай районундагы А.Пушкин атындагы орто мектебинин орто мектебинини “Кеменгер” тобу;
3-орун – Кадамжай районундагы №15 С.Айни атындагы орто мектебинин “Океан” тобу, Ала-Бука районундагы № 9. Т.Жоробаев мектебинини “Көзмончок” тобу, Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин “Мухит” тобу.

Окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерине смарт-сыналгылар, ноутбуктар, уюлдук телефондор, муздаткычтар жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн