Киносценарист, продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек.
- Өмүрзак мырза, “Манас” тасмасын тартуу максатында Голливуд кинокомпаниясынын өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырып, өзүңүз Америкада тасмалары дүйнөгө дүң болгон атактуу кинопродюсерлер, режиссёрлор менен жолугушуп атканыңыз массалык маалымат каражаттарында дуу болууда. Кимдер менен кандай сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар жасалып атат?
- Март айынан бери Американын, Кытайдын, Түркиянын киночулары менен биргелешип, улуу “Манас” эпосубуздун негизинде көркөм фильм тартууну талкуулап келатабыз. Америка кинокомпаниясынын өкүлдөрү Греер Вильям Анн менен Жульия Бо Кыргызстанга келишип, эл-жерибиз менен таанышып, тасма тартуучу негизги орундарды көрүп, видеого тартып, Голливудга сунушташты.
Биз болсо Голливуддун киносценаристтери, продюсерлери, режиссёрлору менен жолугушуп, биринчи кезекте эл аралык “Манас” жана андан башка ири кинодолбоорлорубузду кенен-кесири талкуулап жүрөбүз. Мисалы, “Иисус”, “Рим империясы”, “Мыйзам жана тартип”, “Геркулес”, “Дисней сыйкырдуу дүйнөсү”, “Блеф” баш болгон 50дөн ашык тасмалары менен ысымы дүйнөгө таанымал киносценарист, режиссёр, продюсер Роджер Янг менен иштешүүдөбүз.
- “Манас” тасмасына дүйнөлүк дөө-шаа киноактёрлор Аль Пачино, Арнольд Шварценеггер, Стивен Сигал, Бурак Өзчивит чакырылып атканы тууралуу маалымат тарады...
- Ооба, америкалык кинокомпания, Голливуд кинопродюсерлери өнөктөш катары дүйнөгө таанымал киноактёрлор менен сүйлөшүп атышат.
- Ошондо бул дүйнөлүк кадыр-барктуу актёрлор тасмада кимдердин ролдорун аткарышмакчы?
- Азырынча болжол менен Шварценеггер Жакыптын, Сигал Кошойдун, Пачино Акбалтанын, Бурак Алманбеттин...
- Манастычы?
- “Султан Сулейман” сериалынын продюсери менен Манастын ролун талкуулаганыбызда, ал Эртугрулду аткарган актёрдун өзүнүн сүрөтү менен жеңил укол жана гримден кийинки сүрөтүн көрсөтүп, өңдү аябай бурмалоого болорун далилдеп атпайбы! Манас бабабыз кыргыз эли үчүн ыйык, ошондуктан абдан ойлонуштуруп атабыз.
- Американын, Түркиянын жылдыздары катышса, кыргыздын актёрлору да катышабы?
- Негизги каармандарга Америкадан, Кытайдан, Түркиядан 2-3төн актёр, актриса чакырылса, калган көпчүлүк ролдорго өзүбүздүн кесипкөй аткаруучулар катышмакчы.
- “Манас” тасмасы кыргыздын кылымдык улуу мурасы. Жалгыз өзүңүз эле “Манас” деп чапкылап дүйнө кезип жүргөндөйсүз. Биздин өкмөт, бийлик сизге колдоо, жардам көрсөтүп атканы байкалбайт. Мамлекеттик телерадио, басма сөз дым. Муну кандай түшүнсөк болот?
- Марттан бери Түркия, Россия, Европа, Американы аралап, көптөгөн киночуларга жолугуп, чоң иштер аткарылып калды, буюрса. Биз өз алдыбызча аракет кылып атабыз, бул мамлекеттик долбоор эмес. Бийликтегилер колдошпосо мейли, тоскоолдук кылышпаса эле болду... “Манастын уулу Семетей” Түркиянын теле жана интернет каналдарына чыкканы турса, биздин Акүй-Көкүйдүн айрым аткаминерлери манасчылар менен анча-мынча тарыхчы сөрөйлөрдү астыга салышып, тескери пикирлерге толгон кат жөнөтүшүп, жолтоо болушту.
- Кимдер? Эмнеге?
- 50-жылдарда “Манас” эпосун “бай-манаптык, басып алуучулук чыгарма” деп тыюу салууга аракеттенишкен. Айтматовдун “Жамийласын”, Касымбековдун “Сынган кылычын” кандай тепкилешкени тарыхта маалым. Кыскасы, ири ишти чоң душмандары дүрбөтүп, көп түшүнбөстүктөр эзелтен боло келген.
“Манас” тасмасы тууралуу мындан он чакты жыл мурда алгач аракет кыла баштаганда эл жазуучусу, “Манас эл” кыймылынын жетекчиси Асан Жакшылыков “Манастын душмандары көп” деп айтты эле. Абыке, Көбөш, Коңурбайдын урпактары, тукумдары толтура. Алар Акүй-Көкүйдү да капташкан. Эми аларга кино жана маданият тармагындагы атаандаштар кошулушту. Валентин Распутин жазмакчы, “жарышка отуз күлүк чыкса, биринчи баратканды арттагы жыйырма тогузу душман санайт”. “Семетейди” тартарда Жалил Садыковдун жубайы Сабира эже “Манастын уулу Семетей” аттуу пьеса чыкканда Жалилдин достору да душманга айланышкан” деген. Анан да президент колдоого алганы үчүн оппозиция каршы чыккан. Эми “Манас” тасмасын бийлик колдоого алган жок... Маданият министрлиги, кино департаменти, “Кыргызфильм”, киночулар журту улуттук улуу чыгармадан четте калышып, оппонентке айланышты.
- Эмне дооматтары бар?
- “Семетейди” эч жакка чыгара албады. Ондогон миллион долларга тартылган Казакстан менен Өзбекстандын кинолору чет өлкөлөргө өтпөйт, эми “Манасты” айтып, Төлөбеков жомок токуп жүрөт” деген сымал далбас урмайлар.
- “Семетей” эч бир өлкөгө чыкпадыбы?
- Буюрса, эл аралык чоң интернет платформага даярдалып атат.
- Мындай тоскоолдуктарга моюн сунбай, баары бир “Манас” тасмасын тартарыңыздарга ишенсек болобу?
- “Манас” дүйнөлүк асыл мурас. Чыңгызхан тууралуу бир топ өлкөлөрдө 20га жакын тасмалар тартылгандай, бир топ мамлекеттер биргелешкен “Манас” көркөм фильми эл аралык кино мыйзамдарына ылайык тартылмакчы. Дүйнөлүк атак-даңктуу режиссёрлор, актёрлор катышкан эл аралык кылымдык тасма жаралмакчы, Кудай буюрса.
Булак: «Азия Ньюс» гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн