Кулжа 22, 2024
Убакыт: 00:23
USD
86.70
87.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.940
1.020

Манастаануучу Советбек Байгазиевдин эмгектери коомчулуктун ой пикиринин күзгүсүндө

30.11.2023 13:30
4967
Манастаануучу Советбек Байгазиевдин эмгектери коомчулуктун ой пикиринин күзгүсүндө


Кыргыз улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, филология илимдеринин доктору, белгилүү педагог, адабиятаануучу, манастаануучу Советбек Байгазиев бир макаласында мындай деп жазган эле: «Албетте, Манас эпосунун генесизи, поэтикасы, башка элдердин эпостору менен болгон байланышынын типологиясы, эпостун мифологиясы, этнографиясы, андагы архаикалык катмарлар, эпос жана тарых деген сыяктуу фольклористикалык маселелер абдан маанилүү жана буларды изилдөө зарыл. СССРдин тушунда «Манас» боюнча изилдөөлөр көбүнчө ушул фольклористикалык нукта жүрүп келген. Бирок биз «Манастын» улуулугун, океан сындуу кеңири масштабын, мазмундук тереңдигин, гениалдуулугун, руханий бийик парасатын, жалпы адамзаттык маңызын маселенин жалаң фольклористикалык жагы менен дүйнөгө даңктап көрсөтүшүбүз, көтөрүшүбүз кыйын. «Манасты» «Манас» кылып турган нерсе башкада болуп турат. «Манасты» «Манас» кылып турган нерсе – бул эпостун философиясы, тереңден оргуп чыккан даанышман ойлору, бийик идеялары, руханий нарктары, бүгүнкү күн менен үн алышкан өлбөс-өчпөс адеп-ахлак баалуулуктары, моралдык-этикалык, адептик-ыймандык дөөлөттөрү, патриоттук кенчтери, эл аралык достук, эркиндик, ак калпак кыргыздын көз карандысыздык идеологиясы. Мына ушул улуу асыл нарктар менен «Манас» «Манас» болот жана ал ушунусу менен улуттук да, жалпы адазаттык да мааниге ээ. Тилекке каршы, СССРдин тушундагы пролетардык-коммунисттик идеологиялык тоскоолдуктардан улам улуу эпостун «руханияты кенен-чонон ачылбай, системалуу изилденбей жана кеңири жайылтылбай келген. Эпопеянын Манас, Бакай, Каныкей, Кошой, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Семетей, Сейтек сыяктуу борбордук каармандарынын образдары көтөрүп жүргөн баалуулуктар активдүү пропагандаланбай көмүскөдө калып келген. Окумуштуулар негизинен эпостун фольклористикалык маселелери менен алектенүүгө аргасыз болгон».


Эгемендүүлүк орноп, сөз эркиндиги келип, тоталитардык идеологиялык тосмолор алынып салынгандан кийин Советбек Байгазиев жогоруда өзү жазган «Манаска» байланыштуу изилдөө тартыштыгынан, бөскөлүгүнөн чыгуу максатында залкар эпостун улуу рухий баалуулуктарын, моралдык-этикалык, идеялык-даанышмандык, патриоттук нарктарын иликтөөгө, ачууга, даңазалоого киришкен. Окумуштуунун мындай атуулдук аракети жарандарыбызды, муундарыбызды улуттук жаңы багытта тарбиялоо үчүн зарыл эле. «Манастын» рух дүйнөсүн ачууну атайы максат кылган аалымдын талыкпаган аракет мээнети менен эгемендүүлүктүн жылдарында Манастаануу боюнча ондогон макалалар, бир нечелеген илимий, илимий-методикалык, илимий-популярдуу, публицистикалык эмгектер жаралды. Аларды санай келсек, Советбек Байгазиевдин төмөндөгүдөй китептерине күбө болобуз:


Улуу Манас – улутубуздун тил жана дил бешиги. – 1994. “Манас” эпосу: Каныкейдин улуу махабаты жана анын образынын рухий-адептик, патриоттук сабактары. – 2013. Улуу “Манас” эпосунун улуттук жана дүйнөлүк мааниси. – 2013. Айкөл Манас атанын руханий-ыймандык жана патриоттук улуу өрнөктөрү. – 2013. Бакай – чыгыштын акылманы, кыргыз калкынын руханий жолбашчысы жана улуу патриоту. – 2015. Кошой даанышмандыктын, улутмандыктын жана мекенчилдиктин өрнөгү. – 2015. Манас менен Каныкей мекенчилдиктин идеалы жана рухий сулуулуктун улуу өрнөгү. – 2015. Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси. – 2018. Манас жана Чыңгыз. – 2018. Улуу “Манастын” алтын казынасынан жети нуска. – 2019. Манас, Бакай, Кошой – Ата журтка жеңиш жана бакыт алып келген жарандык улуу биримдиктин символу. – 2019. Айкөл Манас Ата журтка кандайча кызмат кылган? – 2019. Улуу “Манас” эпопеясы – дүйнөлүк көркөм маданияттын өчпөс жылдызы. – Бишкек, 2015. Кылым таймашы же Кошой баатырдын улутка утуп берген улуу мөөрөйү. – Бишкек, 2016. Манастаануу. ЖОЖдор үчүн окуу китеби. – 2001. “Манас” эпосун интерактивдик усул менен окутуу. – 2010. “Манас” эпосу: тарыхый эстутумга, антимаңкурттук рухка жана мекенчилдикке тарбиялоо. –2012. “Манас” эпосундагы баланы эркин тарбиялоо философиясы. – 2012. Бала Манастын инсан катары калыптанышына эмгек тарбиясынын ролу. – 2012. “Манастаануу” (Кытайда жарык көргөн, коллектив менен бирге жазылган) – 2016-ж. Манастаануу – 40 басма табак, 2017. Кыргыздын этикалык жана этнопедагогикалык асылнарктары.– 2019. “Манас” эпосунун педагогикасы. – 2021. “Манас” эпосунун руханий, идеялык-даанышмандык, адептик-ыймандык жана жарандык-патриоттук нарктары. – Бишкек, 2022. Манастаануу – ЖОЖдор үчүн окуу китеби. – 2022. Улутубуздун уңгулуу нарктары. – 2023.


Ушул саналган бир нечелеген китептеринин жана ондогон макаларынын өзү эле С.Байгазиевдин Манастаанууга опол тоодой эмгек жумшагандыгын айгинелейт. Жалпылап айтканда, окумуштуунун жана публицисттин макалаларында жана өйдөтө саналган эмгектеринде эпопеянын улуттук маанидеги жана жалпы адамзаттык деңгээлдеги улуу идеялары, эпосту дүйнөлүк даражага көтөрүп турган руханий, маданий-философиялык, гуманисттик мекенчилдик баалуулуктары жөнүндө сөз болот. Эпостун борбордук каармандары Манастын, Каныкейдин, Бакайдын, Кошойдун, Алмамбеттин, Чубактын образдары мисалдардын негизинде кеңири талдалып, алардын адеп-ахлагы, тутунган бийик этикалык эреже-жоболору, даанышман акыл-ойлору, руханий бай дүйнөлөрү, Ата журттун, элдин эркиндиги үчүн болгон каарман күрөштөрү, мекенчил идеологиясы, карманган гуманисттик нарк-дөөлөттөрү, жалпы адамзаттык даражадагы нравалык кенчтери, кийинки муундарга калтырган адамдык асыл өрнөктөрү, аталган каармандардын образдарынын бүгүнкү күндөгү маани-маңызы даңазаланат, эпостун этнопедагогикасы баяндалат. 


Окумуштуунун «Манас» боюнча эмгектери жөнүндөгү коомчулуктун өкүлдөрүнүн ой-пикирлерине токтолуп көрөлү. Маселен, белгилүү илимпоз жана коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова С.Байгазиевдин «Улуу «Манас» эпопеясы – дүйнөлүк көркөм маданияттын өчпөс жылдызы» аттуу китеби жөнүндө өзүнүн рецензиясында төмөндөгүдөй деп жазган: “Бир сөз менен айтканда, бул китеп окурмандарга «Манастын» адеп-ахлак маңызын, этикалык философиясын жиликтеп талдап тааныткан китеп болуптур. Ал эми китептин «Улуу «Манастын» улуттук жана дүйнөлүк мааниси» деген бөлүмү эпостун жалпы адамзаттык универсалдык идеяларын далилдүү ачып берген бийик мазмуну менен айырмаланарын да айтып коюшубуз керек. Советбек Орозгановичтин сөз болуп жаткан китебин «манастаануудагы» жаңылык, жаңы кадам, жаңы бийиктик десек жаңылышпайбыз. Мындай китеп коомчулук, илимий чөйрө тарабынан бааланууга татыктуу. Идеология, башкаруу тармагында иштеп жаткан мамлекеттик органдар жана улуттук илимдер академиясы, жогорку окуу жайлары, бул китепке өзгөчө көңүл бурат деп үмүттөнөбүз”(“Кутбилим” гезити, 18-март, 2017-ж.). 


Советбек Байгазиевдин башка эмгектери жөнүндөгү пикирлерге да кезек берели. «Кийинки он жылдыкта «Манас» эпосунун руханий, адептик-философиялык, патриоттук дөөлөттөрү жана идеологиялык асыл нарктары тууралуу салмактуу эмгектерди жараткан С.Байгазиев анын образдар системасын, ириде борбордук каармандардын элге бере турган сабактарын түркүн ракурстан караштырып, таасындыгы жана тереңдиги менен көзгө урунган бүтүмдөрдү чыгарат. Окумуштуу өзү иликтеген маселелерди бүгүнкү жашоо тирликтин көйгөйлөрү, адамдын пенделик алпурушууларын, ойломунун кардиналдуу маселелери менен ыктуу жана ынанымдуу тутумдаштыра билет».


(Абакиров К., филология илимдеринин доктору: Манастануу илиминин калыптанышы жана өнүгүшү – Бишкек, 2016, 347-348-беттер).


«Мен Советбек Байгазиевди узак жылдардан бери жакындан жакшы билем: коомчулукка илимдин доктору, профессор, жазуучу, акын, публицист катары белгилүү. Бөтөнчө ал кыргыз элинин көөнө улуттук баалуулуктарынын алтын казынасы “Манас” эпосун мыкты билгени менен айырмаланып турат. Мындайча атканда, бул окумуштууну “илимдеги манасчы” атасак да жарашат. Анткени, арабызда “Манастын” баардык варианттарын толук окуу менен терең талдап чыккан окумуштуулар чанда».(Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын ммлекеттик катчысы китепте: Улутубуздун уңгулуу нарктары, 2023,7-б.).


«Советбек Байгазиевдин «Манастагы» моралдык этикалык баалуулуктарды алаканга салгандай ачып берген эмгектери улуттук руханий башаттардын көзүн ачып, коомго идеологиялык азык болуп берди. Руханий жакырчылыктын кесепетинен кургуйга кулап бараткан жаш муундарды татыктуу тарбиялоо маселеси кабыргасын кайыштырып келатат. Ушундай объективдүү себептерден улам илимпоз «Манастын» залкар дүйнөсүнө кайрылып, келечек муундун камын жеп, эл тескери идеологиялардын бороонунда буюгуп, карайлап жол таппай турганда Манастын туусун көтөрүп, өчкөн отун тутантып, фундаменталдык изилдөөсүн талыкпай жүргүзүп, «Манастаануу» аттуу барандуу изилдөөсүн жаратып, каруусун казык, канын азык кылып эмгектенип келатат». (Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты “Азия Ньюс” гезити, 19-май, 2022-ж.).


«Советбек Байгазиевдин бул «Манастаануу» окуу китебин өзүнчө бир энциклопедиялык окуу китеби десек болот. 20 жылдык изилдөөлөрдүн негизинде жаралган бул эмгектен билим-тарбия системасы көп түшүм жыйнайт деген ишеничти билдирмекчимин» (Жамила Имаралиева Б.Сыдыков атындагы кыргыз-өзбек эл аралык университетинин ага окутуучусу. “Кутбилим” гезити, 23-февраль, 2023-ж.).


Кыргыз Республикасынын мугалимдердин билимин жогорулатуу жана педагогикалык кадрларды даярдоо институтунун улук окутуучусу Дүйшөн Султанкулов Советбек Байгазиевдин «Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси» ар бир жарандын чөнтөк китебине айланса» аттуу макаласында мындай деп жазат: «Профессор бардык кыргызстандыктарга гана эмес, бүткүл адамзат келечеги үчүн жазылган аскар тоодой, төө көтөргүс эмгекти жараткан. С.Байгазиевдин «Айкөл Манас­тын адеп-ахлак кодекси» китебин окуган соң төмөнкүдөй ой-жыйынтыкка да келүүгө болот. Адеп-ахлак философиясы уюп жаткандыгын профессор конкреттүү мисалдар, ойлор менен далилдеп салыптыр» (“Фабула”, 20-февраль, 2018-жыл).


Кусейин Карасаев атындагы БГУнун кыргыз филологиясы факультетинин «Манас» эпосундагы улуу сабактар» аттуу “тегерек үстөлүнүн” катышуучуларынын С.Байгазиевдин «Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси» китебине карата ой-пикирлеринен фрагменттер: «Бул окумуштуунун эмгегин окуп, таанышып чыктым. Эпосто чагылдырылган идеялар, каармандардын иш-аракеттери, карманган адеп-ахлактык эрежелери өтө түшүнүктүү фактылар менен, далилдер менен жеткиликтүү берилген. «Манас» эпосунун улуулугу, идеяларынын баалуулугу бүгүнкү коомдук турмушубузда, мамлекетибиздин биримдигин сактоодо, ич ара жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоодо үлгү аларлык сабактар жогорку деңгээлде чечмеленип берилген». (К.Ибраимов, филология илимдеринин кандидаты, доцент).


«Окумуштуунун аталган эмгеги буга чейинки «Манас» эпосу тууралуу канча эмгектер жазылып, окутулуп келе жатканы менен алардын эч бирин кайталабаган өзгөчө баалуу жана татыктуу эмгек катары белгилөөгө болот». (Абдракунов, доцент).


«Бул китепти толук окуп чыгып аябай толкундандым жана кыргыз болгондугум үчүн аябай сыймыктандым. Анткени ушул китепте кыргыз улутуна, ата-бабаларыбызга таандык асыл эрежелер тизмеленип эпостон алынган кызыктуу далилдер менен берилген. Милдеттүү түрдө окуу программасына киргизилсе максатка ылайык болмок». (Саламат кызы Зухра, студент).


“Тегерек үстөлдүн” катышуучулары төмөндөгүдөй чечим кабыл алган: «Окумуштуу С.Байгазиевдин «Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси» аттуу китебин көөнөрбөс баалуу эмгек катары жогорку окуу жайларынын студенттери, орто мектептин окуучулары үчүн «Манас» эпосун окутууда жана тарбиялоодогу ордун эске алып, кеңири жайылтуу сунушталсын».


Жумгал районунда С.Медетов атындагы мектепте 2018-жылдын 30-октябрында өткөрүлгөн «Айкөл Манастын адеп-ахлак баалуулуктары – Ата журт тиреги» аттуу мугалимдердин райондук илимий-практикалык конференциясынын резолюциясынан:


1. Советбек Байгазиевдин “Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси” китебин республиканын бардык аймактарына жайылтуу үчүн каражат бөлүү жагы өлкөнүн өкмөтүнө сунушталсын;


2. Аталган китепти райондун мектептеринде тарбия максаттарында кошумча курал катары колдонуу максатка ылайык деп табылсын.


Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Д.Абдраимовго 


КАЙРЫЛУУ


«Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы Чүй облустук мектеп-гимназиясында 2019-жылдын 14-мартында өткөрүлгөн “Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси” аттуу мугалимдердин илимий-практикалык конференциясынын катышуучулары сизге кайрылабыз.


Облустун тарбиячыларына, мугалимдерине, мектеп жана айыл китепканаларына, ата-энелерге эң керектүү китеп – бул профессор Советбек Байгазиевдин “Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси деген китеби болуп эсептелет.


С.Байгазиевдин “Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси” китебин Аламүдүн районунун мектептерине 300 нуска, Чуй облусунун чыгыш зонасына 1000 нуска, батыш зонасына 1000 нуска басмадан тийешелүү каражатка сатып алып, облусубуздун билим берүү мекемелерине акысыз таратууга жардам берсеңиздер максатка ылайык болор эле. Облусубуздун жаш муундарынын патриоттук тарбия кызыкчылыгы үчүн ушундай керектүү асыл ишти жасоону Сиздерден көптөн көп өтүнөбүз».


(80 мугалим кол койгон)


2018-жылдын апрелинде И.Арабаев атындагы КМУнун Манастаануу, маданияттаануу кафедрасынын жыйыны болуп, анда окутуучулар жана студенттер Советбек Байгазиевдин “Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси” китебин талкуулашкан. Айрым пикирлерди келтирели.

Акматова В., кафедра башчысы, филология илимдеринин кандидаты: 


- Кыргыз мамлекетинин идеологиясы жок деп айтып, жазып келе жатабыз. Эгемендүүлүктү алган жылдардан бери мен билгенден эки ирет атайын комиссия түзүлүп, кыргыз мамлекетинин идеологиясын жазуу боюнча иштер жасалды. Бирок анын натыйжасы кана? Канчалаган мыкты окумуштуулар отуруп, ойлонуп кыргыз идеологиясын жаза албай коюшту. Агай жалгыз өзү эле кыргыз мамлекетинин, ар бир жаран үчүн идеология жазып коюптур. Бул китепти кыргыз элинин идеологиялык программасы катары сунуштаса болот.


Калыбекова Батма, 4-курстун студенти: 


- Сиздин бул жазган китебиңиз кыргыз элине ар тараптан үлгү боло алат жана жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо чоң жардамын берет. Бул китепти Жогорку Кеңештеги же башка бийлик органдарындагы адамдарга сунуштоо керек. Бул сиздин кыргыз элине жана Манастаанууга кошкон чоң салымыңыз болду. 


Мына ушинтип, Советбек Байгазиевдин “Айкөл Манастын адеп-ахлак кодекси” китеби эл ичинде жогорку бааны алган жана алууда. Окумуштуунун «Манас» боюнча башка китептери да окурмандар тарабынан жогору бааланып келе жатат. Мисалы, филология илимдеринин доктору, фольклорист Гүлбара Орозова «Советбек Байгазиев Каныкейдин образын талдоону болуп көрбөгөндөй бийиктикке көтөрүп койгон» деп жазса, окумуштуу Курманбек Абакиров «Байгазиев тапталган жолго түшпөй, өз жолу менен кетип, улуу эпостун жаңы кырлары менен сырларын ачкан оригиналдуу эмгекттерди жаратты» деп жазат. (“Кутбилим” гезити, 06.10.2016). Башка илимий-практикалык конференцияларда да С.Байгазиевдин Манастаануу эмгектерин көбөйтүп басып чыгарып, өлкөгө жайылтуу сунушталган. Бирок жогорку органдар буга көңүл бурган эмес. Экс-депутат Абтандил Кулбараков гана С.Байгазиевдин бир нече «Манас» китебин өз каражатына чыгарып, Нарын облуснун мектептерине таратып келе жатат. Көп учурда С.Байгазиев китептерин өзүнүн маянасына чыгарып, алынын келишинче жайылтып келди. Анын «Манас» боюнча эмгектеринин көбү илимий мекемелердин окумуштуулар кеңештеринин чечими менен жарык көргөн. Бүгүн улуттук баалуулуктар саясаты жүрүп турганда президентибиз Садыр Жапаровдун «Манас» үчилитигин кеңири изилдөө жана популяризациялоо жөнүндөгү» жарлыгын турмушка ашыруу үчүн өкмөтүбүз, кыргыз эл жазуучусу, профессор Советбек Байгазиевдин жогору бааланып келген Манастаануучулук эмгектерин кеңири нускада басып чыгарып, бардык областарга таратууну колго алса максатка ылайыктуу болор эле.


Б.Бейшенбаева, Кыргыз билим берүү академиясынын ага илимий кызматкери 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн