Борбордук шайлоо комиссиясы мандатын жокко чыгарган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова БШКнын чечимин сотко бербейт. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" билдирди.
Нарматова мунун себебин сот адилеттигине ишенбей тургандыгы менен түшүндүрдү.
"Менин мандатымды мыйзамсыз тартып алышты. Бирок менин үнүмдү баса алышпайт. Депутат болбосом дагы жарандык позициямды активдүү билдирип, куугунтукка жана мыйзамсыздыкка каршы күрөшө берем", - деди Нарматова.
Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды.
Булак: "Азаттык" үналгысы
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн