Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:05
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Манжа изи, медкароо. 29-декабрдан Россияга кирүүчү мигранттарга бир топ шарттар коюлат

29.12.2021 08:49
1062
Манжа изи, медкароо. 29-декабрдан Россияга кирүүчү мигранттарга бир топ шарттар коюлат

Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 29-декабрынан тартып Россияда жүргөн мигранттарга 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, манжа изин каттатып жана сүрөт түшүү жол-жобосунан өтүшү керектигин жарыялады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Басма сөз кызматы билдиргендей, жарандар алгач фтизиатр, дерматовенеролог, инфекционист, терапевт, психиатр-наркологдун кароосунан өтүшү керек. Андан соң манжа изин каттатып, сүрөткө түшөт.


"Манжа изин каттатуу үчүн Россиядагы аймактык ички иштер башкармалыктарга, ИИМдин алдындагы паспорт-виза кызматына же Москва шаарындагы көп тармактуу миграция борборуна кайрылуу керек.


Бул үчүн чет элдик жарандар паспорттун жана медициналык текшерүүдөн өткөнүн тастыктаган маалым кат ала барууга тийиш. Ал эми манжа изин каттатып, сүрөткө түшкөндөргө ырастоочу документ берилет.


Ал бир жолку жана Россияга кирүү чыгуу санына карабастан акысыз болот. Милдеттерди аткарбаган жарандардын Россияда калуу мөөнөтү кыскартылат. Ошондой эле Россияга иштегени эмес, башка максатта барган Кыргыз жарандары бул өлкөгө кирген күндөн тартып 90 күндүн ичинде атайын органдардан милдеттүү түрдө манжа изин каттатып жана сүрөткө түшүп, медициналык текшерүүдөн өтүүсү керек.

Милдеттүү жол-жободон алты жашка чыга электер же мурда манжа изин калтырып сүрөткө түшкөндөр бошотулат", - деп жазылат маалыматта.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн