Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Марат Аманкулов азыркы саясатчылардын чыныгы жүзүн көрсөттүбү?

28.12.2020 13:16
835
Марат Аманкулов азыркы саясатчылардын чыныгы жүзүн көрсөттүбү?

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин узак жылдар бою КСДП партиясынын атынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, төрагасы болуп жүргөн, анан 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо ушул эле партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Марат Аманкулов учурда жаңы «жылуу ийин» издөөгө өттү окшойт.


Ал убагында Алмазбек Атамбаевдин «көлөкөсүндө» жүрдү. Алтургай 2020-жылдагы парламенттик шайлоо өтөлекте «Биздин лидер Алмазбек Шаршенович, ал өзү да шайлоого катышаарын айтпадыбы. Ал КСДПны жетектеп, биздин алдыбызда турат» деп маалымат каражаттарынын бирине айткан эле. Бул сөздөрү менен ал ошол 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо КСДП партиясы менен эле шайлоого катыша турганын билдиргенсиген. Бирок, көп узабай эле ал «Биримдик» аттуу партиянын лидери болуп чыга келген. Ал партия 5-6-октябрдагы тополоңдун арты менен кеткен бийликтин партиясы атыккан. Ырас, шайлоодо жеңишке жетти. Эң көп добуш алган партия болду. Бирок, ал жеңиш «Биримдик» партиясын парламентке чейин алып келе алган жок.


Кече жакында эле Марат Аманкулов Дастан Бекешевге чакан маек куруп бериптир. Ошол маегинде ал «Биримдик» партиясынын төрагалыгынан, анан дагы анын мүчөлүгүнөн чыгып кеткенин билдириптир.


"Ооба, бул чын, мен төрагалыктан кетип, "Биримдик" партиясынан чыктым. Азыр мен эч бир партияда эмесмин, азырынча бир дагы партияга кошулбайм", - дейт ал.


Ал азырынча шайлоо тууралуу ойлоно электигин, бул жаатта пландары жоктугун, илимий жана билим берүү тармагында иштөөнү ойлонуп жатканын да айтыптыр.  


Демек, ал эми 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоонун жыйынтыгына жараша кадам таштоону ылайык көрүп турганын түшүнүүгө болот. «Биримдик» партиясы эми бийликтин партиясы болбой калды, андыктан анын Марат Аманкуловго эч кандай пайдасы жок. Мындай саясатчылар дайыма бийликке ыктаган гана партиялардын катарында жүрүүнү туура көрүшөт. Эгерде ал принципке бекем турган саясатчы болгондо КСДП партиясынан «Биримдикке» секирбейт эле. Эгерде «Биримдик» партиясынын программасы, пландарын ишке ашырууну көздөсө, анда азыр андан чыга качпайт болчу.


«Күн тийген жердин күкүгү» деген саясатчылар ушулар. 10-январдан кийин мындайлар жеңишке жеткен талапкердин айланасына алма гүлүнө конгон аарылардай эле жабалакташат. Марат Аманкуловду да жаңы келе турган президенттин чөйрөсүнөн көрүп калышыбыз толук мүмкүн. Бирок, дал ушундай саясатчылар мактап-жактап отуруп жардан алыс түрткөн соң, жаңы «көлөкө» издеп учуп кетишээрин ким бийликке келсе да эсинен чыгарбашы керек.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн