Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Марат Аманкулов өкмөт башчынын билим берүү жана саламаттык тармагындагы саясатына нааразы

13.05.2020 14:31
1145
Марат Аманкулов өкмөт башчынын билим берүү жана саламаттык тармагындагы саясатына нааразы


Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы абал өтө начар, деп билдирди депутат Марат Аманкулов бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып.  


Мен бирөөнү күнөөлөгүм келбейт. Бирок сиз экинчи жыл премьер-министр кызматындасыз. Ал эми Конституция боюнча калктын социалдык абалына өкмөт жана премьер-министр жоопкер. Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагынын өлкө келечеги үчүн маанилүүлүгүн дайыма эле айтып келебиз. Анткени менен эгемендүүлүк алган акыркы 30 жыл аралыгында аталган эки тармакта абал начар, – деди эл өкүлү.


Ошондой эле ал COVID-19 пандемиясынан улам түзүлгөн кырдаал бул жаатта көйгөй көп экенин көрсөткөнүн кошумчалады.   


Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев суроого жооп берип жатып, каражаттын жетишсиздигине байланыштуу өкмөт мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына инвестицияларды тартууну көздөп жатканын билдирди.


Мен сизге такыр кошулбайм. Сиздин ушундай ойдо экениңиз өтө өкүндүрөт. Мамлекеттеги жана коомдогу адилеттүүлүк бардык жарандарга бирдей бекер билим берилип, ден соолугуна бирдей акысыз кам көрүлгөндө гана ишке ашат, – деди депутат Марат Аманкулов.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн