Бугу 05, 2024
Убакыт: 15:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Марат Аманкулов "Биримдик" партиясынан кетти (АУДИО)

27.12.2020 22:45
3534
Марат Аманкулов "Биримдик" партиясынан кетти (АУДИО)


Депутат Марат Аманкулов "Биримдик" партиясынын төрагалыгынан, ага кошумча саясий партиянын катарынан кетти. Бул тууралуу ал Дастан Бекешев менен болгон чакан маегинде билдирген.  Маек депутаттын Телеграм каналына жарыяланган.


"Ооба, бул чын, мен төрагалыктан кетип, "Биримдик" партиясынан чыктым. Азыр мен эч бир партияда эмесмин, азырынча бир дагы партияга кошулбайм", - деди саясатчы. 


Ошондой эле ал болжолдуу түрдө 2021-жылы жазында боло турган парламенттик шайлоого катышууга ниети жок экендигин баса белгиледи. 


"Шайлоо (парламенттик) менин пландарыма дагы кирбейт. Илимий жана билим берүү тармагында иштөөнү ойлонуп жатам", - деп жыйынтыктады Марат Аманкулов.


Эске салсак, "Биримдик" саясий партиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партиялардын бири болчу.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн