Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:56
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Марат Иманкулов Афганистандагы кырдаал боюнча Индиядагы жыйынга катышты

11.11.2021 11:38
545
Марат Иманкулов Афганистандагы кырдаал боюнча Индиядагы жыйынга катышты

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Нью-Дели шаарында (Индия) Афганстандагы кырдаал боюнча үчүнчү аймактык диалог жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.


Аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, анын ичинде терроризм, экстремизм, сепаратизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жана баңги заттар жана анын бардык түрлөрүнө каршы каршы күрөшүү жаатында пикир алмашуу болду.


Жыйынга ошондой эле Индия, Иран, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери жана Коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.


Белгилей кетсек, афган маселеси мындай форматта биринчи жолу талкууланды.


Жолугушуунун жыйынтыгында Афганстандагы кырдаалдын контекстинде мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүү боюнча Дели декларациясы кабыл алынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн