Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 17:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Марат Иманкулов Алматыда БА өлкөлөрү жана Россиянын коопсуздук кеңештеринин катчыларынын I жыйынына катышты

26.06.2023 16:04
289
Марат Иманкулов Алматыда БА өлкөлөрү жана Россиянын коопсуздук кеңештеринин катчыларынын I жыйынына катышты


Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Алматы шаарында Борбор Азия өлкөлөрү жана Россиянын коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты.

Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын регионалдык коопсуздугунун кызыкчылыктарына да зыян келтириши мүмкүн болгон региондогу өлкөлөрдүн коопсуздугунун учурдагы бир катар чакырыктарын жана коркунучтарын белгиледи.

Ошондой эле, бул жолугушуу өткөн жылдын октябрь айында Астана шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Россиянын президенттери тарабынан көтөрүлгөн маселелерди координациялоо боюнча биринчи кадам экендиги айтылды.

Өз ара аракеттенүүнү арттыруу планында Марат Иманкулов эл аралык дипломатиянын жеткиликтүү ыкмалары жана гуманитардык акциялары менен Афганистанда тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүнү, жаштардын радикалдашуусун болтурбоо максатында алар менен жигердүү жана биргелешип иштөөнү, кесипкөй теологдорду жана дин кызматчыларын окутуу боюнча жалпы мамиле жана тажрыйба алмашуу маселесин иштеп чыгууну сунуш кылды.

Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин катчысы киберкоопсуздук жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, гибриддик коркунучтарга жана согуштарга каршы туруу жаатында тажрыйба алмашуу, ар кандай эл аралык аянтчаларда биологиялык коопсуздук тематикасын иштеп чыгуу жана биологиялык куралды чыгарууга жана жайылтууга жол бербөө, ошондой эле чек ара ведомстволорунун ортосундагы кызматташтыкты арттыруу зарылдыгын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн