Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Марат Иманкулов БА жана Индиянын Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусуна катышты

08.12.2022 15:30
282
Марат Иманкулов БА жана Индиянын Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусуна катышты

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Нью-Дели шаарында өткөрүлгөн «Индия — Борбор Азия» форматындагы улуттук коопсуздук кеңешчилери — коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.


Марат Иманкулов өз сөзүндө белгилегендей, иш-чаранын форматы кандайдыр бир мамлекеттер тобун обочолонтуу дегенди билдирбейт, тескерисинче, тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө кызыкчылыгында кеңири аймактык кызматташтыктын уландысы болуп саналат.


Ал Борбордук Азия жана Индия мамлекеттеринин ортосунда аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында, ошондой эле, эл аралык терроризмдин, экстремизмдин жана баңги аткезчилигинин, өзгөчө Афганстандын аймагынан келип чыккан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда жалпы кызыкчылык бар экенин баса белгиледи. Борбордук Азия мамлекеттери Индия сыяктуу эле терроризмди чек арасы жок коркунуч катары көрүшөт.


Марат Иманкуловдун айтымында, кыргыз-индия мамилелери эки тараптуу жана көп тараптуу долбоорлордо оң жагына өнүгүүдө. Ошондой эле, Кыргызстан менен Индия достугу бекем жана эки тараптуу мамилелер өнөктөштүк мамиледе курулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн