Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Марат Иманкулов ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынына катышууда

19.08.2022 09:57
480
Марат Иманкулов ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынына катышууда

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 17-жолугушуусуна катышууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.


Ошону менен бирге Марат Иманкулов Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Өзбекстан Республикасынын президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов жана Монголиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Жадамын Энхбаяр менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.


Жолугушуулардын жүрүшүндө глобалдык жана регионалдык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.


Мындан тышкары ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту камсыздоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издөө маселелери талкууланды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн