Бештин айы 27, 2024
Убакыт: 06:49
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Марат Иманкулов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчилиги менен жолугушту

26.12.2024 16:50
59
Марат Иманкулов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчилиги менен жолугушту


Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов Ирак жана Сирия лагерлериндеги Кыргызстандын жарандарын (аялдар жана балдар) мекенине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Балдарга жардам берүү эл аралык фондунун (ЮНИСЕФ) жетекчилиги Джунг Таппа Самман жана Хил Силви менен жолугушту.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын балдарына ар тараптуу жардам көрсөтүү жана аларды коргоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Марат Иманкулов президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациясы жана ЮНИСЕФтин активдүү колдоосу менен Ирак жана Сирия лагерлеринен Кыргызстанга аялдар жана балдар кайтарылганын белгиледи. Азыркы учурда бул жарандар тажрыйбалуу психологдордун, социалдык жана дин кызматкерлеринин жардамы менен кайра социалдаштыруу, коомго реинтеграциялоо жана аларды реабилитациялоо процессинен өтүп жатышат.

Өз кезегинде Джунг Таппа Самман президент Садыр Жапаровдун Ирак жана Сирия лагерлеринен Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу маселесиндеги чечкиндүү позициясын жогору баалап, бул ишке тартылган бардык мамлекеттик органдардын жакшы иш алып баргандыгын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн