Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып жаткан Марат Казакпаев менен иштешкен «Гуров и партнеры. Центральная Азия» сайты Казакпаев тууралуу маалыматтарды өчүрдү. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирет.
Маалыматка таянсак, сайт Казакпаев менен долбоорлордун жетекчиси катары кызматташып келген.
Эске салсак, 13-апрелде УКМК мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып 2 киши кармалганын билдирген. Кийинчерээк 24.кг агенттиги өздүк булактары аркылуу анын бири Марат Казакпаев экенин жарыялаган.
Пикирлер (1)