Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:30
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Марат Тагаев Мекенди коргоо күнүнө карата студенттер менен жолугушту

24.02.2023 09:43
180
Марат Тагаев Мекенди коргоо күнүнө карата студенттер менен жолугушту

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев 21-февраль - Эне тилинин эл аралык жана 23-февраль - Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Кыргыз улуттук университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.


Жолугушууга жаштардын жаратман өкүлдөрү, “Манас” эпосунун негизинде мультсериал тартып жаткан “Тентек” анимациялык студиясынын жетекчиси Жалил Мукамбет катышып,азыркы санариптештирүү доорунда “тентек” болуунун мааниси жөнүндө маек курду.


“Тилимпоз” социалдык баракчасынын жетекчиси, лингвист, кыргыз тили мугалими Нуркалый Масалбеков эне тилдин азыркы доордогу орду жөнүндө кенен кеп салды.


Ошону менен биргеликте, УКМКнын Чек ара кызматынын тарбия иштер башкармалыгынын башчысы Раимбек Турдалиев Ата Мекенге патриоттук сезим менен кызмат кылууга өлкөбүздүн жаш жарандарын үгүттөдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн