Бугу 04, 2024
Убакыт: 15:56
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Мариан ойдуңунун терең жери 11022 метр эмес

08.06.2020 15:18
1103
Мариан ойдуңунун терең жери 11022 метр эмес


Тереңдиктерди изилдөөчү россиялык автономдуу “Витязь” аппараты советтик илимпоздор тарабынан 1957-жылы өлчөнгөн Мариан ойдуңунун эң терең жери 11 022 метр эмес, 10 028 метр экендигин тактады деп маалымдады ТАСС агенттиги.


Россиянын келечектүү изилдөөлөр фондусунун башкы директорунун орун басары Игорь Денисовдун пикиринде, мурдагы аппарат тереңдикти туура эмес ченеген же ойдуңдун таманы өзгөрүп кеткен. Бул жагдай ойлонууну жана анализдөөнү талап кылат.


“Витязь” Дүйнөдөлүк океандын эң терең чекитине жеткен автономдуу биринчи аппарат болуп калды. Аппарат үстүбүздөгү жылдын 8-майында өзүнүн алгачкы түшүүсүндө Мариан ойдуңунун таманына Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына желекче орнотуп чыккан.


Кошумчаласак, бүгүн дүйнөдө Океандардын күнү белгиленүүдө. Эң кызыгы адамзат азыркыга чейин океандардын 10% аймагын гана изилдөөгө жетише алды.


Ал эми Тынч океандын батыш тарабында Мариан аралдарынын аталышы менен аталган ойдуңдун тереңдиги алгач ирет 1875-жылы британиялык океанологдор тарабынан өлчөнүп, алар тереңдикти 8367 метр деп белгилешкен. Ал эми адамзаттын биринчи өкүлдөрү, АКШ Аскер деңиз күчтөрүнүн лейтенанты Дон Уолш менен изилдөөчү Жак Пикар 1960-жылы “Триест” батискафы менен 10 918 метр тереңдикке түшүп чыгышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн