Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 21:20
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Марипов Аруузатка жардам катары 1 айлык маянасын которот

03.04.2021 17:46
1252
Марипов Аруузатка жардам катары 1 айлык маянасын которот



Премьер-министр Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу кайрылуусунда өмүрүн сактап калуу үчүн 2,3 млн АКШ доллары талап кылынган Аруузатка жардам колун сунгандарга терең ыраазычылык билдирди.


«Биздин алтындай элибиз бар. Кыйынчылык түшкөндө көпчүлүк бириге калып, жардам колун сунган жарандарга терең ыраазычылык билдирем. Бир чети бул Кудайдын сыноосу. Экинчиден, жардамга муктаж адамдарга жардам көрсөтүү — үлгү. Аруузаттын өмүрү узун болсун. Бир топ ыктыярчылар, көңүлкош карабаган, мээримин жана жардамын аябаган жарандарыбыз кызмат кылып, салымын кошуп жатат. Дагы да көмөк көрсөтүүгө чакырам», — деди Марипов.


Ал Аруузатка жардам катары 1 айлык маянасын жакынкы күндөрү которорун кабарлады. Мындан сырткары өкмөт башчынын резервдик фондунан да каражат бөлүнөрүн белгиледи.

Марипов Аруузаттын үй-бүлөсүнө сабырдуулук жана чыдамкайлык калаады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн