Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 05:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Марипов Балыкчыга барып Айзадага куран окутат

09.04.2021 18:29
923
Марипов Балыкчыга барып Айзадага куран окутат

Өкмөт башчы Улукбек Марипов жакынкы убакытта ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбековага куран окутуп барууну пландап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Толкун Камчыбекова "Спутник Кыргызстанга" билдирди.


Эске салсак, кечээ Өкмөт үйүнүн алдында зомбулукка каршы өткөн митингде катышуучулардын бири Мариповдон "Өзүңүз Балыкчыга барасызбы?" деп сураганда: "Барууга даярмын, ниет кылгам. Бул жакта (Бишкекте) коюлса керек деп барууга ниеттенип жаткам",  — деп жооп берген.


"Премьер-министр Улукбек Марипов жакынкы убакытта куран окутууга барууну пландап жатат. Так күнү тууралуу кошумча маалымат беребиз", — деп билдирди өкмөттүн маалымат катчысынын башчысы Толкун Камчыбекова.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн