Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:28
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Марипов Бишкектин мэрине шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылууну тапшырды

03.03.2021 10:44
1251
Марипов Бишкектин мэрине шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылууну тапшырды


Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Жолугушууда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана уюштуруу, экологиялык абал жана экономикалык абалды жакшыртуу жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү чаралары талкууланды.


Улукбек Марипов жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүү керектигин белгилеп, административдик ресурстарды колдонууга жол берилбестигин кошумчалады.


Өкмөт башчы жакында курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда алар көйгөйлөрүн айтышкан. "Бул жыйында көтөрүлгөн маселелерди көзөмөлгө алуу керек. Биз курулуш тармагына жардам беришибиз керек”, - деди премьер-министр.


Жолугушуунун жүрүшүндө, Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын инфраструктурасын өркүндөтүү жана экологиялык тазалыгын эске алуу менен, коомдук электр транспорту киргизүү үчүн гранттык жардамды тартуу маселелери дагы талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн