Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 21:18
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Марипов: Бул дүйнөдө жооп бербесек да, Кудай алдында баарыбыз жооп беребиз

17.06.2021 16:10
1056
Марипов: Бул дүйнөдө жооп бербесек да, Кудай алдында баарыбыз жооп беребиз


Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго ишеним көрсөтпөөдөн баш тартышты. Депутаттар азык-түлүктүн кымбатташы жана сугат суунун тартыштыгы менен учурдагы кырдаалдан чыгуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматты гана угушту.


Жолугушуунун аягында Марипов депутаттар чукул чечүүнү талап кылган чындыгында маанилүү маселелерди көтөрүп жаткандыгын белгиледи.


"Мен баарын жазып алдым. Сиздер туура суроолорду көтөрүп жатасыздар. Сиздер бизди колдойсуздар деп үмүттөнөм. Ар бир жетекчи жооп бериши керек дегенге кошулам. Азыр болбосо, кийинчерээк. Азыр кандай кармоолор жүрүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Бул дүйнөдө жооптуу жетекчилер жооп беришпесе да, биз бардыгына Кудай алдында жооп беребиз", - деди министрлер кабинетинин башчысы депутаттарга кайрылып.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн