Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 19:00
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Марипов Европа Биримдигинин өкүлүн Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады

02.03.2021 12:11
419
Марипов Европа Биримдигинин өкүлүн  Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Европа Бирлигинин Өкүлчүлүгүнүн кызматташуу (финансылык жана техникалык) бөлүмүнүн башчысы Шарлотта Адрианды өлкөдөгү миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы Шарлотта Адрианга өлкөдөгү жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, анын республикада жүргүзүлгөн реформаларды жүзөгө ашырууга, анын ичинде санариптик трансформацияны ишке ашырууга, аймактардын экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө, ички миграцияны кыскартуу жана алыскы региондордун жашоочуларын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга, ошондой эле сугат тутумун жакшыртууга кошкон жеке салымын белгиледи.


Европа Бирлиги биздин маанилүү өнөктөшүбүз. Биз көп тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууну түзүүгө кызыкдарбыз жана ЕБ тарабынан көрсөтүлгөн колдоону жогору баалайбыз ”, - деди өкмөт башчы.


Өз кезегинде Шарлотта Адриан Европа Бирлиги Кыргыз Өкмөтү менен ар тараптуу маселелердин долбоорлорун ишке ашыруу боюнча жигердүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр 2014-2020-жылдар аралыгындагы эки тараптуу Көп жылдык индикативдик программасынын алкагында Европа Бирлигинин Өкүлчүлүгүнүн колдоосун белгиледи. Тактап айтканда, 2020-жылы коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы каражаттарды мобилизациялоонун алкагында Европа Бирлиги билим берүү жана социалдык коргоо секторуна бюджеттик колдоо көрсөткөн.


«Европа Бирлигинин мындай колдоосу бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатууга, каржылык тартипти жана мамлекеттик институттардын аудитин күчөтүүгө мүмкүндүк берди. Бул мамлекеттик органдардын потенциалын, программаларды ишке ашыруу үчүн жоопкерчилигин бир кыйла жогорулатты», - деди ал.

Жолугушуунун соңунда тараптар бардык артыкчылыктуу маселелер боюнча долбоорлорду активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн