Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Марипов Ысык-Көлдө белгисиз адамдар тарабынан уурдалган журналистти кабыл алды

10.08.2021 07:54
839
Марипов Ысык-Көлдө белгисиз адамдар тарабынан уурдалган журналистти кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көлдө белгисиз адамдар тарабынан уурдалган журналист Улукбек Карыбек уулуну кабыл алды. Бул тууралуу журналист социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, Министрлер кабинетинин төрагасы Ысык-Көлдө болгон окуя боюнча күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын аларын билдирген.


"Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кабылдоосунда болдум.


Жети-Өгүздөгү мага карата "уурдоо жана коркутуу" иши боюнча чакырылдым.

Ал иштин ары жак, бери жагын талдап, кенен маалымат алды. 


Биздин жасап жаткан ишибизди көрүп жүргөнүн айтып, ыразычылык ирээтинде кыргыздын салтына ылайык колубузга камчы карматты. 


Бул камчы менен Өлкөбүзгө зыян келтирген жемкорлорду, кызмат абалынан пайдаланган, иштебей жаткан аткаминерлерди камчыла, күчтөнүп иште, деген каалоолорун айтты.


Ишмердүүлүгүбүзгө каршы болуп, карматып жана коркуткандар жоопко тартылаарын баса белгилеп, иш өз көзөмөлүндө экендигин, сөзсүз кылмышкерлерге чара көрсөтүлөөрүн айтып, сөз эркиндигине болгон кысым, басмырлоо болбошу керектигин баса белгиледи.


Ушунча кирдим, эми дагы башка көйгөйлөрдү айта кетпесек болбос деп, "Вега" компаниясынын мыйзамсыз иштерин, карапайым айдоочулардын чөнтөгүн ченебей кагып жатышканын жана бул ишке тиешелүү маселелерди жеткиздик.


Көзүбүзчө тиешелүү тармактын бөлүм башчыларын чакырып, “Коопсуз шаар” долбоорундагы алешемдиктерди жоюуга, тыкыр карап чыгууга тапшырмаларды коюп, жакынкы убакта чечилсин деп, буйрук берди.


Экинчи көйгөй, алыскы Чоң-алай районундагы Кара-Казык алтын кениндеги мафиялык иш аракеттерди тезирээк көзөмөлгө алынуусун сурандым.


Биз менен бирге иш алып барууга даяр экендигин жана мыйзам бузган жемкорлорго ачык, чогуу күрөшүүгө кызыктарлыгын билдирди.


Көңүл буруп, журналисттер үчүн ар дайым ачык экендигин белгиледи. Бул үчүн өзгөчө ырахматыбызды айтабыз",- деп билдирүү калтырган Карыбек уулу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн