Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Марипов Күрпсай, Таш-Көмүр жана Үч-Коргон ГЭСтерин кышка даяр болушун тапшырды

26.09.2021 08:07
695
Марипов Күрпсай, Таш-Көмүр жана Үч-Коргон ГЭСтерин кышка даяр болушун тапшырды

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Күрпсай, Таш-Көмүр жана Үч-Коргон гидроэлектростанцияларына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Ал энергетикалык объектилердин өндүрүш жайларын карап чыгып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты жана эмгек жамааты менен баарлашты.


Улукбек Марипов тийиштүү оңдоо иштерин өз убагында сапаттуу бүткөрүүнү жана объектилерди жылытуу мезгилине карата толук даярдыктан өткөрүүнү тапшырды.


Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы жергиликтүү калк менен жолугуп, алар менен социалдык-экономикалык мүнөздөгү актуалдуу маселелерди, күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды талкуулады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн