Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Марипов «РСК банкты» санариптик тейлөө тармагын жакшыртуу боюнча тапшырма берди

13.07.2021 19:57
760
Марипов «РСК банкты» санариптик тейлөө тармагын жакшыртуу боюнча тапшырма берди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «РСК Банк» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов менен жолугушту. 


Азизбек Оморкуловдун айтымында, өткөн жылы коронавирус инфекциясы пандемиясына карабастан, банк оңдуу көрсөткүчтөргө жетишти. 


Анын айтымында, «РСК банк» ААК учурда эт-сүт продукциясын, форелди кластердик өнүктүрүү, COVID-19 каршы дары-дармек жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүүнү колдоого алуу, кичи жана орто бизнес үчүн кредиттер, өлкөнүн агрардык секторун өнүктүрүү үчүн кредиттер сыяктуу бир нече багыттар боюнча иш алып барууда.


Министрлер Кабинетинин башчысы финансы-кредиттик институттар азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен айыл чарба тармагындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл буруусу зарыл экендигин белгиледи.


Улукбек Марипов ошондой эле калктын ишкердик субъекттерди колдоо, банк тутумун санариптештирүү маселелерин өнүктүрүү жаатындагы программаларга жана банктардын аймактардагы онлайн кызматтарына жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн