Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 09:03
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Марипов Санариптик өнүктүрүү министрине жаңы окуу жылына сапаттуу даярдык көрүүнү тапшырды

14.06.2021 18:25
965
Марипов Санариптик өнүктүрүү министрине жаңы окуу жылына сапаттуу даярдык көрүүнү тапшырды


Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билим берүү тармагын санариптештирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Министрлер кабинетинин ишинин маанилүү багыттарынын бири катары билим берүү тармагын санариптештирүү саналат, бул маселеге өзгөчө көңүл буруу керек. Коронавирус инфекциясынын пандемиясы сунушталып жаткан билим берүү сапатын жогорулатуу жана аралыктан окутуу үчүн тийиштүү инфраструктураны камсыздоо боюнча зарыл чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгүн тастыктады. Бул жаатта мындан ары карай билим берүү тутумун санариптештирүүнү өркүндөтүү үчүн бардык шарттарды түзүү маанилүү», – деди Марипов.

Кеңешменин жүрүшүндө мектептерди интернет менен камсыздоо, ошондой эле билим берүү тармагындагы маалыматтык тутумдардын иштеши маселеси боюнча чаралар талкууланды.

Белгиленгендей, учурда билим берүү тармагында бир катар инновациялык чечимдер ишке киргизилип, алар иштеп жатат. Анын катарында: билимди башкаруу маалыматтык тутуму, мектепке электрондук жазылуу, бала-бакчага электрондук кезек, Жаңы китеп, электрондук китепкана, «Санарип Сабак» аралыктан окутуунун билим берүү порталы, башталгыч мектеп үчүн билим берүү порталы (1-4 класстар), мектептик билим берүү порталы (5-9-класстар), электрондук китепкана (lib.kg), ЖОЖдорго онлайн кабыл алуунун автоматташтырылган тутуму, ЖОЖ студенттери үчүн ачык билим берүү порталы, «Санарип мектеп» (LMS) маалыматтык тутуму, чет элдик ЖОЖдорго тапшырууга катталуунун автоматташтырылган тутуму, электрондук лицензиялоо жана аккредитациялоо.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Билим берүү министрлигине, «Кыргызтелеком» ААК, Санариптик өнүктүрүү министрлигине жаңы окуу жылына сапаттуу даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн