Бугу 03, 2024
Убакыт: 11:19
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Марипов Сауд өнүктүрүү фонду менен кызматташууну талкуулады

28.10.2022 16:34
423
Марипов Сауд өнүктүрүү фонду менен кызматташууну талкуулады

27-октябрда Кыргызстандын Сауд Арабиясы Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд өнүктүрүү фондусунун аткаруучу директору Султан бин Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.


Тактап айтканда, элчи Марипов өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоого багытталган фонддун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн жогору баалап, КРда маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн сауд тарапка ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы кызматташууну улантууга кыргыз тараптын кызыкдар экендигин билдирди.


Өз кезегинде Султан Аль-Маршад ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанга жасаган жумушчу сапарынын жыйынтыгын канааттануу менен белгилеп, Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандын ортосунда тыгыз байланыштар өнүккөнүн жана фонд кызматташууну бекемдөөгө даяр экендигин баса белгиледи.


Тараптар биргелешкен иштерди улантууну жана келечекте өлкөнүн социалдык-экономикалык блогун жакшыртууга багытталган бир катар башка долбоорлорду ишке ашырууга макулдашышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн