Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:44
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Марипов Тенгиз Бөлтүрүктү "Кумтөрдүн" жамаатына тааныштырды

18.05.2021 20:29
1081
Марипов Тенгиз Бөлтүрүктү "Кумтөрдүн" жамаатына тааныштырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кумтөр кенинин жамааты менен жолугушту, анда ал жамаатка "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Белгилүү болгондой, Улукбек Марипов кен кызматкерлеринин социалдык төлөмдөрдүн сакталышы, эмгек акы, ишкананын келечеги тууралуу суроолоруна жооп берди.


"Кен өз ишин токтотпойт жана ишин штаттык режимде улантат. Кызматкерлер тийиштүү төлөмүн алышат, эч кандай кыскартуулар тууралуу кеп болбошу керек. Биздин негизги максат – карапайым жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу. Ачык-айкын жана таза ишибиз аркылуу гана биз ага жетише алабыз", - деп жыйынтыктады Министрлер кабинетинин башчысы. "Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун сунуштамасы боюнча дайындалган", - деп жазылган маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн