Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:23
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Марипов аналитикалык продуктулардын бирдиктүү маалыматтык базасын иштеп чыгууну тапшырды

08.07.2021 09:56
956
Марипов аналитикалык продуктулардын бирдиктүү маалыматтык базасын иштеп чыгууну тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Уран Ахметовду кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда жана кабыл алууда Институттун ишинин натыйжалуулугун, мамлекеттик органдардын Институт менен өз ара аракеттешүүсүн жана алардын изилдөө ишинин потенциалын күчтөндүрүү боюнча чаралар талкууланды.


Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Уран Ахметов Мариповго Институттун учурдагы милдеттери жана жакынкы аралыктагы пландары тууралуу маалымат берди.


«Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун аналитикалык иликтөөлөрү мамлекеттик органдардын болжолдоо жаатындагы ишин олуттуу жеңилдете алат. Кыргыз Республикасынын аналитикалык продуктуларынын жана Аналитикалык иликтөөлөр фондунун бирдиктүү маалыматтык базасын иштеп чыгуу зарыл, аны менен мамлекеттик органдар, эл аралык коомчулук жана катардагы жарандар да пайдалана алгыдай болушу кажет», - деп белгиледи Улукбек Марипов.


Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Президенттик Администрациянын тийиштүү бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмаларды, анын ичинде «Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын кабыл алуу жаатында да тапшырмаларды берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн