Бугу 22, 2024
Убакыт: 03:53
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Марипов кыргыз-сауд ишкердик байланыштарын жана туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

10.05.2022 10:35
543
Марипов кыргыз-сауд ишкердик байланыштарын жана туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов САПтын Мажлис Аш-Шурасынын (Парламент) Онунчу Комитетинин Төрагасы, Сауд Аравия–Кыргызстан парламенттик достук тобунун жетекчиси Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асири жана аталган Комитеттин мүчөлөрү менен видео байланыш форматында жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө  соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, эки тараптуу туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, өз ара жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүү, эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарды ачуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.


Али бин Мухаммад Аль-Асири Сауд Аравиянын жетекчилиги жана Парламенти биздин өлкө менен достук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.


Эске салсак, 2022-жылдын май айында Али бин Мухаммад Аль-Асири  Кыргызстанга иш сапары менен  келет.


Жолугушуунун жыйынтыгында, эки өлкөнүн өкүлү  үзгүлтүксүз негизде түз байланышты улантып турууну макулдашты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн