Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Марипов күйүүчү май, азык-түлүктүн запасын камсыз кылуу боюнча жыйын өткөрдү

24.09.2021 15:15
496
Марипов күйүүчү май, азык-түлүктүн запасын камсыз кылуу боюнча жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын министрлер еабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттик бийлик органдары тарабынан социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына, бензин жана дизелдик отунга бааны турукташтыруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жыйындысы маселеси каралган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, социалдык маанилүү продукцияга бааны турукташтыруу иши үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүүдө, мында негизги басым азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесине жасалууда.


«Азык-түлүк запасын түзүү үчүн мамлекеттик бюджеттен буудай сатып алууга – 1,5 миллиард сом, өсүмдүк майын жана кум шекер сатып алууга 300 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Данды жана унду импорттоодо КНСтен 1 жылга бошотуу чечими кабыл алынды, үчүнчү өлкөлөрдөн кантты жана кант камышын бажы төлөмүсүз алып келүү боюнча келишимге кол коюлду. 2021-жылдын 31-декабрына чейин малды алып кирүүдө КНСтен бошотуу каралган. Мындан тышкары, айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн (буудай, күрүч, буудай уну, өсүмдүк майы, кум шекер, тоок жумурткасы) чыгарууга (экспорттоого) тыюу салынды. Россия Федерациясы менен экспорттук пошлинаны төлөбөстөн ташылуучу бензиндин көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бажы алымысыз дизель отуну менен камсыздоо жетиштүү көлөмдө жүрүүдө. Бул багыттар боюнча иштер комплекстүү жүргүзүлүүдө, мамлекеттик органдар учурдагы абалга көз салып турат. Азык-түлүктүн баасынын өсүшү дүйнө жүзү боюнча байкалууда, анткени республикабыз импортко көз каранды болгондуктан, коңшу өлкөлөрдөгү баалардын өзгөрүүсү сезилүүдө. Биздин негизги милдетибиз – күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүү, калкты бардык керектүү азык-түлүк продуктылары, малчыларды тоют менен, айыл-чарба өндүрүүчүлөрүн үрөн жана күйүүчү-майлоочу майлар менен толук камсыз кылуу.


Учурда азык-түлүк запасы жетиштүү көлөмдө, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча абал көзөмөлдө», - деди Улукбек Марипов.


Ошондой эле ал өлкөнүн негизги айыл чарба продуктылары менен өзүн-өзү толук кандуу камсыздоосу үчүн шарттарды түзүү жана калк үчүн анын экономикалык жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча дагы көптөгөн иштер жасалышы керектигин кошумчалады.


«Коронавирустук инфекциянын абалы турукташып жатканына карабастан, биз ар дайым "начар сценарийге" даяр болушубуз керек, биз бир нече кадам алга карашыбыз керек. Аба ырайынын бузулушу, же түшүмдүн начардыгы өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу айыл чарба продукцияларынын, чийки заттын жана азык-түлүктүн мамлекеттик резервин түзүү зарыл. Болжолдоо багытын, анын ичинде дүйнөлүк рынокторду болжолдоону күчөтүүбүз керек», - деп белгиледи министрлер Ккабинетинин башчысы.


Андан соң тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматы угулду.


Белгиленгендей, тийиштүү мамлекеттик органдар социалдык маанилүү продукцияларга бааларды турукташтыруу жана баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатышат, жеткирүүчүлөр менен өндүрүүчүлөргө маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө. Укук коргоо органдары тарабынан бааны атайылап жогорулатууга, анын ичинде ущул жылдын июнь айында сабизге баанын жогорулашына байланышкан иштерди кошумча иликтөөсү үчүн иштер өткөрүлүп берилди.


Ошондой эле ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштер жүрүп жатат, айыппул санкцияларын күчөтүү жана баалардын түзүлүшүн кайра карап чыгуу маселеси каралууда.


Кеңешменин жүрүшүндө калктын аялуу катмарын азык-түлүк менен камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Калктын аз камсыз болгон катмары үчүн ири соода түйүндөрүндө азык-түлүк товарларын арзан баада сатуу боюнча атайы секцияны ачуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.


Айыл чарба жарманкелерини ишин, анын ичинде өлкөнүн региондорунда кайра жандандыруу чечими кабыл алынды.


«Азык-түлүк коопсуздугу өлкөнүн ар бир жараны үчүн кепилдениши керек», - деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн