Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Марипов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди куттуктады

23.06.2021 12:44
904
Марипов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди куттуктады


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасыннын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.


Куттуктоодо төмөндөгүдөй айтылат:


“Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалык кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!


Үстүбүздөгү жылы өлкөбүз өз көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейт. Биз республикабыздын калыптануусуна, чыңдалуусуна жана гүлдөп-өсүшүнө салмактуу салымын кошкон белгилүү ишмерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасынын ардагерлери жана кызматчылары менен сыймыктанабыз.


Дүйнө өлкөлөрү учурда уланып жаткан коронавирус пандемиясынын татаал мезгилин баштарынан кечирүүдө. Мындай мезгилде ар бир мамлекет үчүн кесипкөй аракет, коюлган максаттарга жетишүүдө жана мамлекетти чыңдоодо мамлекеттик кызматкерлердин эриш аркак жана кайтарымдуу аракети өзгөчө маанилүү.


Мен сиздердин бардыгыңыздарды өлкөбүздүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү, жарандарыбыздын жашоо сапатын жана бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн ак ниет, ачык, жоопкерчилик, кесиптик билимиңиздерди толук кандуу пайдалануу менен иштөөгө чакырам.


Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, кесиптик ишмердигиңиздерде жаңы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалайм!”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн