Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 11:57
USD
86.80
87.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.995
1.040

Марипов өзбек премьер-министри менен эмне тууралуу сүйлөштү?

24.05.2021 12:30
1369
Марипов өзбек премьер-министри менен эмне тууралуу сүйлөштү?

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү. 


Министрлер Кабинетинин башчысы Абдулла Ариповду 60 жылдык юбилейи менен куттуктап, Өзбекстан Республикасынын бакубат гүлдөп-өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады.  


Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүк жана достук маанайдагы коңшулук мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүүгө болгон ниетин тастыктады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн