Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 20:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Марлен Маматалиев: Эгер шайлоодо сатып алуу колдонуларын билгенимде, бүт тажрыйбамды жумшап 1-орунду ээлемекпиз

12.04.2021 14:14
1343
Марлен Маматалиев: Эгер шайлоодо сатып алуу колдонуларын билгенимде, бүт тажрыйбамды жумшап 1-орунду ээлемекпиз


Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунан кийин "Ынтымак" партиясынын лидери Марлен Маматалиев шайлоо боюнча өз пикирин билдирди. Бул тууралуу "Вести.кг" сайты  маалымдады. 


Анын айтымында, шайлоо таза өткөн жок жана админресурс, сатып алуу болушунча колдонулду. 


"Мен шайлоо таза өтөт деп үмүт кылган элем. Эл 5-октябрдан сабак алды деп ойлоптурмун. Бирок, кайра эле админресурс колдонуу жана сатып алуу болду. 

Эгер мындай болоорун билгенимде, бардык тажрыйбамды колдонуп, биз биринчи орунду ээлемекпиз. Биз шаардык кеңешке өттүк. Бирок мындай мыйзам бузуу менен макул эмеспиз. Бул боюнча жакында дагы кайрылуу жасайм",- деди Маматалиев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Парламенттик шайлоо мындан ыплас отот