Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 09:46
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Марлен Маматалиев, “Ынтымак” фракциясынын лидери: “Жолдор бузулганына байланыштуу мэрге нааразылыктар көп айтылууда”

31.03.2024 10:14
1015
Марлен Маматалиев, “Ынтымак” фракциясынын лидери: “Жолдор бузулганына байланыштуу мэрге нааразылыктар көп айтылууда”


- Марлен мырза, шайлоочулар менен жолугушуу учурунда баш калаабыздын тургундары кандай өтүнүч, суранычтарын айтышты?


- Бишкек шаарында эл менен жолуккан учурда жолдор бузулуп, кээ бир көчөлөрдө көптөн бери ремонт жасалбагандыгынан улам мэрге нааразылыктар көбүрөөк айтылууда. Экологияга байланыштуу да бир канча маселелер жаралууда. Андан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдүн короолорундагы көйгөйлөр, спорт, балдар аянтчалары боюнча да иштер бар экен. 


- Аларды чечүүнүн жолдору барбы?


- Фракция болгондугуна байланыштуу мага бир аз жеңилирээк. Ошол фракция аркылуу мэриянын катышуусу менен Кудай буюрса, алардын баарын чечүүгө аракет жасайбыз. Мындан сырткары, региондорго да чыгып, эл менен жолугушуп келгенди пландап жатам.


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн