Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 09:29
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Марлен Маматалиев: Кең-Суу айылындагы мектептин курулушун бүтүрүүгө даярмын

06.01.2021 16:43
765
Марлен Маматалиев: Кең-Суу айылындагы мектептин курулушун бүтүрүүгө даярмын

Жогоку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кең-Суу айылында курулушу бүтпөй калган мектепти бүтүрүүгө даяр. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.


"Жакшы жаңылыктар достор!

Жакында башталгыч класстын 11 баласын өзүнүн эки бөлмөлүү кичинекей үйүндө окуткан мугалим Токтожума Стаханов менен жолуктум. Бул агай азыркынын Дүйшөнү! Нарындын Жумгал районундагы Кең-Суу айылында мектептин жоктугунан окуучулар мугалимдин үйүндө окууга аргасыз болгону мени аябай капалантты.

Биз четте туруп, балдардын тагдырына кайдыгер карай албайбыз! Мындан үч жыл мурда айыл тургундары өздөрү баштаган мектептин курулушун бүткөрүүгө даярмын. Ошондой эле, билим берүү мекемесинин техникалык жабдууларын камсыздап, балдар үчүн компьютерлерди сатып алып беремин. Мындай уникалдуу адамдарга жардам берүү менин милдетим деп эсептейм!",- деп билдирүү калтырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн