Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:12
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Мындан ары ломбарддар ставкасын 100-200 пайызга көтөрө албай калышат”

01.01.2024 17:51
1329
Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Мындан ары ломбарддар ставкасын 100-200 пайызга көтөрө албай калышат”


- Марлен Абдырахманович, эң оболу “Банк чөйрөсүнүн мыктысы” төш белгиңиз кут болсун!


- Рахмат!


- Биздеги маалыматтардан алганда, ломбарддардын пайыздык ставкасын төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатыпсыз. Анын маңызы эмнеде?


- Акыркы кездерде баарыбыз көрүп атпайбызбы, биздин жарандарыбыз каржылык жактан кыйналганда эмне кылат? Банктан кредит алат, же ломбардга барат. Уюлдук телефонун, сөйкөсүн, атүгүл үйүндөгү телевизор, муздаткычына чейин күрөөгө коюп, акча алган учурлар бар. Ломбарддардын пайызы болсо өтө жогору. Төлөй турган учурга келгенде жарандарыбыз эки эсе көйгөйгө туш болушууда. Эмне үчүн ломбарддар атайын мыйзамдар менен жөнгө салынбайт? Алар каалагандай пайызды коё беришеби (100-200 пайызга чейин көтөргөндөр бар)? Көрсө, мыйзамда мүчүлүштүктөр кетиптир. Ошон үчүн биз мыйзамга өзгөртүү киргизип жатабыз. Мындан ары Улуттук банк белгилеген ставка бар да (15-17 пайыз), “ошого ашып кетсе 10 пайыз кошо аласың” деген талапты коюп жатабыз. Мындай пайыз жөнөкөй элди көп азапка салбайт. 200 пайызга караганда 25 пайыз жакшы эмеспи. Кредиттер боюнча деле ошондой. Каржы-кредиттик уюмдар 50 пайызга чейин жетип калышкан. Биз аны да түшүрүп жатабыз. Улуттук банк белгилеген ставканын үстүнө 15 пайыздан ашык кошо албайт. 


- Ломбарддар негизинен жеке менчик. Анан мамлекет аларга чек коё алабы?


- Албетте, коё алат. Эгер мыйзам кабыл алынса, каржы-кредиттик уюмдарды Улуттук банк, ал эми ломбарддарды болсо каржы чалгыны кызматы көзөмөлдөйт. Алардын толук мүмкүнчүлүгү бар. Ставканы түшүрбөгөндөрдүн баарынын лицензиясын алып, жаап салат. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн