Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 18:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Минисрликтерде сегиз орун басардын кереги жок”

28.11.2023 15:20
778
Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Минисрликтерде сегиз орун басардын кереги жок”


- Марлен Абдырахманович, жакында эле экономика министринин төрт орун басары кызматынан алынды. Бул канчалык туура чечим болду деп ойлойсуз?


- Туура эле болду деп эсептейм. Анткени, экономика министрлигинин өзүн карап көрсөк, болгону 200дөй кызматкер иштейт. Эми ошол 200 кызматкерге 8 орун басар, отуздай башкармалык жетекчилери бар. Мындайча айтканда, кызматкерлердин тең жарымын эле жетекчилер түзүп калып атат. Бул бир жагы. Экинчиси, каржылык жагы, алардын ар биринде машина, кабылдамада отурган жардамчысы болот. Андыктан, анчалык көп сандагы орун басардын кереги жок болчу. Мурда Акаевдин, Бакиевдин учурунда “орун басарлардын саны үчтөн ашпасын” деген жарлыктар чыгып жүрчү. Тилекке каршы, кийин улам көбөйүп отуруп, сегизге чейин жетип кетти.


- Буга чейин кызматкерлерди отуз пайызга чейин кыскартуу жүрбөдү беле, ошондо эмне үчүн орун басарлар кыскарган эмес?


- Өкүнүчтүү жери, оптимизация дегенде кыскартууга көбүнчө катардагы кызматкерлер туш болуп калат. Жогоруда айтылгандай, экономика министрлигиндеги 200 кызматкердин жүздөн ашыгы жетекчилер болуп атат. Ошондуктан, төрт орун басар кыскарганы эң туура чечим.


- Кандай дейсиз, башка министрликтерде да кыскарышы керекпи?


- Бул башталышы деп ойлойм. Башка министрликтерде да кыскартуу жүрөт. Мындан ары орун басарлардын саны мурдагыдай үч-төрттөн ашпайт. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн