Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 21:27
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү керек”

11.02.2020 17:07
753
Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү керек”


- Парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке өтүү боюнча пайыздык босого бир топ талкууга жем таштады. Сиз 9 пайыздык босого чегин кубаттайсызбы?


-  Мындай чечим мурдагы мамлекет башчынын учурунда болгон. Эгерде шайлоонун босого чеги 9 пайыз болсо, кѳп партиялар шайлоодон ѳтпѳй калат. Тең катышууга шарт түзүлбѳйт. Босого чегин ѳзгѳртүү партиялардын ролун жогорулатуу максатында каралып жатат. Адатта, ѳтпѳй калган партия ѳзүнүн ишин уланта бериши керек. Бирок бизде алар оппозициялык партия болуп кетет. Коалиция түзүлсѳ ыдыроо болот. Буга чейинки тажрыйба кѳрсѳткѳндѳй бийлик бутагына келген жетекчиде жоопкерчилик аз болот экен.


- Сиз пайыздык ѳлчѳм канча болуусун сунуштайт элеңиз?


- Менимче 7 пайыздык чеги туура. Негизи мен ѳтѳ аз жана жогору болуусун колдобойм. Эгер 7 пайыздык чек менен эки үч партия ѳтүп, алар толук жоопкерчилик алуу менен иш алып барса жакшы болмок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн