Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 21:19
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Марлен Маматалиев эң кымбат дарыга муктаж Аруузатка жардам берүүнү суранды

15.04.2021 14:47
1774
Марлен Маматалиев эң кымбат дарыга муктаж Аруузатка жардам берүүнү суранды

15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Марлен Маматалиев дүйнөдөгү эң кымбат дарыга муктаж болуп жаткан кичинекей Аруузатка жардам берүүгө чакырды. 


"Аруузат деген кичинекей кызыбыз тууралуу маселени көтөргүм келет. Көчөлөрдү кыдырып ыктыярчылар иштеп жатат. Орозо айында жардам берип койсок туура болот эле. Министрлер бир айлыгынан, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан акча бөлөлү. Бай адамдар да жардам берип койсун. Партиялар шайлоо алдында эле чыга бербей, азыр жардам берели", - деди ал.


Буга чейин Аруузат аттуу бир жаштагы кыз сейрек кездешүүчү генетикалык жүлүн булчуңдарынын атрофиясы диагнозу менен жабыркап келгендиги тууралуу жазып, кайрымдуу элден колдоо күткөн апасынын баяны чыккан. Апасы Жылдыз Ташматова кызы Аруузат март айында экиге чыгаарын, ошого чейин алар эң кымбат дары катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген "Золгенсма" дарысын алып үлгүрүүсү керектигин айтып берген .

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Мурзакматов Арзыбек
Аллахым шыпаасын берсин
Бек
Колдоо керек. Аз да болсо оз салымымды коштум. Кайрымдуулук кылуу кандай сезим экенин тушундум