Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев "Ынтымак" партиясына кандайча төрага болуп калганы боюнча айтып берди. Бул тууралуу ал "Кактус.медиа" сайтына берген маегинде билдирген.
"Бул партия негизи 2012-жылы түзүлгөн. 2020-жылы ноябрда кайрадан каттоодон өттү. Парламенттеги жаш депутаттар мурда эле өзүнчө партия түзүп, 4-октябрдагы шайлоого катышалы дегенбиз. Бирок майнап чыккан жок. Шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин, мен "Мекеним Кыргызстан" партиясынан кеткенмин.
Анан "Ынтымак" партиясынын мурдагы төрагасы ооруп жаткандыгына байланыштуу мени чакырып, лидерликти колго алып, кийинки парламенттик шайлоого жетектеп барышымды сунуштады. Мен макул болдум",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн