Милициянын кайгуул кызматы маршруткада бирөөнүн 40 миң долларын уурдаган жаран кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 26-январда болжол менен кечки саат 6 да милицияга чалуу түшкөн. Анда маршрутканын жүргүнчүсүнүн телефонун жана чоң суммадагы акчасын уурдаган.
Бул иш боюнча Патрулдук милиция 1984-жылы туулган К.Б. аттуу жаранды кармаган.
Кылмыш иши бирдиктүү реестрге катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн