Бугу 10, 2024
Убакыт: 15:04
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Маршруткадан 21 миң сом уурдаган жаран кармалды

02.03.2021 20:11
689
Маршруткадан 21 миң сом уурдаган жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Анын айтымында, бүгүн милицияга Некрасов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобуста жүргүнчү тонолуп кетти деген билдирүү түшкөн. Анын айтымында, сумкасынан бир адам 11 миң сомдук телефонду жана 10 миң сом акча алып качкан.


Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы шектүү кармалып, андан аркы иликтөө иштери үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн